Бул саясий акция Грузиянын курамындагы Ажария автономиялык республикасынын президенти Аслан Абашидзе тарабынан уюштурулду. Өкмөткө колдоо билдирип демонстрацияга чыккандар 2-ноябрдан бери грузин президентине каршы акциялар өтүп жаткан парламенттин имаратын көздөй жөө жүрүш өткөрүштү. Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары али жарыялана элек, бирок алдын-ала эсептөөлөр боюнча анда өкмөтчүл "Жаңы Грузия үчүн" блогу озуп чыккан. Шайлоонун жыйынтыктарын бийлик бурмалап салды деп өкм отт ы айыптаган опппозициячылардын лидери, Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Михаил Саакашвили Эдуард Шеварднадзенин отставкага кетишин талап кылган. Грузин президенти кызматынан кетпей турганын айтып, өз оппоненттерин саясий диалогго чакырган.