Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон келээрки аптада Палестиналык кесиптеши Ахмед Курейи менен кездешүүнү пландаштырууда


Бул тууралуу Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом билдирди. Палестин премьери Ахмед Курейи алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн пайдасынан күмөн санаарын жашырган жок. “Ортодогу байланыштарды жаңыртуу демилгеси Израилге таандык. Мен азырынча алар кандай натыйжа берээрин айта албайм. Биз Израил жолугушууга олуттуу маани берет деп үмүт кылабыз, бирок бул жөн гана Израилдин тактикалык кадамы болушу да мүмкүн,” - деди палестин премьери. Бүгүн Израил армиясынын Газа секторундагы рейди учурунда сегиз палестин жараат алганы, Вифлеемдин жанындагы кагылышууда эки жөөт аскери набыт болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG