Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Талас облусунда кант кызылчасынын кыйласы жыйналбай калышы мүмкүн болуп турат


ТАЛАС. Облустук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба секторунун башчысы Байыш Дүйшөбаевдин маалыматы боюнча, быйыл облуста 3941 гектарга кант кызылчасы өстүрүлгөн. Бирок, анын айтымында, жалпы түшүмдүн 61,6% гана жыйналып алынган. Иштин жай жүрүп жатканынын себептери - дыйкандар «күн жылуу тартып турса түшүмдү жыйнап алууга убакыт болот» дешип, камырабас мамиле кылышкан. Экинчиден, кант кызылчасын казууга техниканын тартыштыгы да кедергисин тийгизген. Эгер ушул бойдон суук күчөп кетсе, дыйкандардын миллиондогон сомдук мээнети күйүп кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG