Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитет 10 ишкананы сотко берди


БИШКЕК. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттин акциясы бар 10 ишканага каршы сотко доо арыз жолдоду. Бул туурасында бүгүн комитеттин басма сөз катчысы Татьяна Наговицина билдирди. Анын маалыматына караганда, доо арыз берүүгө 10 ишкананын акциядан түшкөн кирешелерди мамлекеттин казынасына төкпөй койгондугу себеп болду. Алардын арасында мамлекетке 9 млн. сомдон ашык карызы бар «Чыгыш электр», 50 млн. сомго жакын бересе «Кыргызалтын», 12 млн. сом карыз «Кыргызтелеком» ишканалары бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG