Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

БУУнун өкүлү менен саясий партиялардын лидерлери жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн БУУнун Бишкектеги Үйүндө БУУнун саясий маселелер боюнча кеңешчиси Бланка Антонини менен Кыргызстандагы бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү жолугушту. Анда Кыргызстанда 2005-жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолорду адилет, акыйкат жана ачык өткөрүү маселелери талкууланды. Жолугушууга «Арнамыс», «Акыйкат жана прогресс», «КДК» партиясынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда адилет жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө техникалык жардам берээрин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG