Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Баңгизат сатуунун жолдору ачыкка чыкты


БИШКЕК. Быйыл 4-9-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн «Канал-2003» аттуу операция убагында баңгизаттарды Ооганстандан алып, башка жакка ташуунун жолдору жана ыкмалары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Мухтарбек Мадыбаев билдирди. Анын маалыматына караганда, операция Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген мамлекеттердин башчыларынын чечиминин негизинде өткөрүлдү. Операцияга бул уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин баңгизат сатууга каршы күрөшкөн атайын кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Операция убагында бардык унаа каражаттары жана адамдар текшерүүдөн өткөрүлүп, 2 тонна күкүрт кислотасы, 53 килограмм баңгизат, анын ичинде 9 килограмм героин кармалды. Анын негизинде 42 кылмыш иши ачылды.

XS
SM
MD
LG