Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Кыргызстанга Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа келди. Ал ушул эле күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Бишкекте эртең боло турган отурумунун күн тартиби талкууланды. Николай Бордюжанын айтымында, тышкы иштер министрлеринин жыйынында Ооганстандагы кырдаал жана ЖККУнун НАТО менен мамилеси талкууланат. Жыйындан кийин Николай Бордюжаны жана отурумга катышкан тышкы иштер министрлерин президент Аскар Акаев кабыл алат.

XS
SM
MD
LG