Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

ЭЛ АРАЛЫК ХЕЛЬСИНКИ ФЕДЕРАЦИЯСЫ Р. ДЫРЫЛДАЕВ ЖЕТЕКТЕГЕН УЮМДУ ТААНЫДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 14-16-ноябрь күндөрү Австрияда Эл аралык Хельсинки федерациясынын Башкы Ассамблеясынын жыйыны өткөрүлдү. Анда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы талкууланды. Жыйын соңунда аймактагы адам укуктарын кысмакка алган өлкөлөрдүн жетекчилерин айыптаган резолюция кабыл алынды. Резолюцияда Эл аралык Хельсинки федерациясы Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин гана расмий тааный тургандыгы жазылды. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Венадагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта айтылат. Ал эми өзүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жаңы жетекчилери деп эсептегендер Эл аралык Хельсинки федерациясы Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө укугу жоктугун айтышууда.

Эл аралык Хельсинки федерациясынын Башкы Ассамблеясынын эки күнгө созулган жыйынында Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы талкууланды. Жыйынга БУУнун, Европа Биримдигинин, ЕККУнун өкүлдөрү катышып сөз сүйлөштү. Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу өзүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси катары эсептеген, азыр Венада жүргөн Рамазан Дырылдаев маалымат берди. Р. Дырылдаев өз сөзүндө «кийинки жылдары Кыргызстандын жетекчилиги Демократиялык кодексти, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңешти түзүп, «Кыргызстан - адам укуктарын урматтаган өлкө» деген ураан чакырып, эл аралык коомчулукту алдап жатат» деген пикирин айтты. Ошондой эле ал «Кыргызстанда эң корруцияланган адам - мамлекет башчысы Аскар Акаев» деген пикирин билдирди. Ал тууралуу Рамазан Дырылдаев «Азаттыкка» телефон аркылуу мындайча кабарлады:

- Мен Аскар Акаевди «эң коррупцияланган адам» деп айттым. Мындай пикиримди Венада эле эмес, буга чейин Варшавадагы жыйындарда бир нече жолу айткам. Анткени Аскар Акаев элдин атынан эл аралык финансы уюмдарынан 2 млрд. долларга жакын акча алып, элди карыз кылды. Ал акчанын кыргыздарга пайдасы тийген жок. Анын баары туура эмес пайдаланылды. Алынган акчаны Аскар Акаев үй-бүлөсү менен жеп атат. Мисалы, А. Акаевдин күйөө баласы Александр Ким түзгөн «Вечерний Бишкек» гезитин тартып алды. Андан башка ал Канттагы цемент-шифер заводун, спирт ичимдиктерин чыгарган заводдорду ээлеп алды.

Мындан тышкары, Р. Дырылдаев президенттик администрация кийинки учурда өлкөдөгү көз каранды эмес бейөкмөт уюмдарга каршы ондогон бейөкмөт уюмдарды түзгөндүгүн айткан. Ал «кыргыз бийлиги жасалма уюм өкүлдөрүнүн жол киресин төлөп, эл аралык жыйындарга катыштырып, Аскар Акаевдин саясатын дүйнө коомчулугуна мактатып жатат» деген пикирин билдирген. Рамазан Дырылдаевдин мындай пикирине кыргыз бийлиги макул эмес. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун пикиринде, Рамазан Дырылдаев - кыргыз бийлиги жүргүзгөн саясатты сындап, акча табууга адистешкен киши.

- Ар бир элден ушундай киши чыгат экен. Көрүнгөн жерде эл аралык трибунага барып, Кыргызстанды жамандап, өз оокатын өткөрүүдө. Жамандаганы үчүн грант алат. Чынын айтканда эл алдында Кыргызстанды сыртта жүрүп жамандагандан өткөн кылмыш жок, - дейт Осмонакун Ибраимов.

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Венадагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматка караганда, жыйын соңунда анын катышуучулары Борбор Азиядагы адам укуктарын кысмакка алган өлкөлөрдүн жетекчилерин айыптаган резолюция кабыл алышты. Резолюцияда Эл аралык Хельсинки федерациясы Кыргызстандагы Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин гана расмий түрдө тааный тургандыгы жазылды.

Эл аралык Хельсинки федерациясынын мындай резолюциясына өзүн ушул комитеттин төрагасынын орун басары катары эсептеген Рыскелди Момбеков нааразы.

- Хельсинки Федерациясынын чыгарган резолюциясына мен каршымын. Анткени мындай кадыр-барктуу уюм Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө укугу жок, - дейт ал.

Эске сала кетүүчү нерсе: быйыл августта Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин өкүлдөрү Болот Тыналиев, Рыскелди Момбеков, Качкын Булатов жана башкалар жыйын өткөрүшкөн. Жыйында алар комитеттин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевди шайлашкан. Ал эми Рамазан Дырылдаев бул адамдар комитеттин мүчөлүгүнөн мурда эле чыгарылгандыгын айтып, алардын мындай аракетин мыйзамсыз катары баалаган. Ошондон бери Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинде кош бийлик өкүм сүрүп келет. Алардын талашына качан чекит коюлаарын убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG