Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Германия Ооганстанда дипломатиялык дагы бир өкүлчүлүгүн ачат


Бул тууралуу немис тышкы иштер министрлигине шилтеме берип "Ассошейтед пресс" агенттиги кабарлады. Немис дипломаттары Ооганстандын батышындагы Герат шаарында консулдук гана миссия аткарбастан жергиликтүү бийликтерге социалдык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда жардам көргөзмөкчү. Германия Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн Талибан режими бийликтен кулатылгандан кийин, 2002-жылдын январь айында ачкан. Өткөн айда немис парламенти Германиянын Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүүгө жана аларды Кабулдан сырткаркы аймактарга да жиберүүгө уруксат берген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG