Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

ПРЕЗИДЕНТ БУШ АК ҮЙДҮН ТЫШКЫ САЯСАТЫН ТҮШҮНДҮРДҮ


АКШ президенти Жорж Буштун Британиядагы мамлекеттик визити уланууда. Президент Буш шаршемби күнү бешимге чейин Букингем сарайында канайым Елизавета менен ырасмий кездешти. Андан соң британ консерваторлору жана социал-демократтарынын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Лондондун Уайтхолл сарайында АКШнын тышкы саясаты жана америкалык-британиялык алакалар жөнүндө сөз сүйлөдү.

АКШ президенти Жорж Буш Британиядагы мамлекеттик сапарынын биринчи күнүн зайыбы Лаура экөө токтогон Букингем сарайында канайым Елизавета менен ырасмий кездешүүдөн баштады. Бешимден кийин Лондондун Уайтхолл сарайында
АКШлык-британиялык кызматташуу жана Ак Үйдүн тышкы саясаты боюнча кеңири сөз сүйлөдү.

Жорж Буштун айтышынча, эки өлкөнүн калкын өз ара кызматташтыктан башка да жалпы баалуулуктар жакындатып турат:

- Британиялыктар менен америкалыктарды коопсуздук жана соода иштериндеги союздаштыктан башка да жалпы баалуулуктар бириктирет. Эски жана мезгил сыноосунан өткөн союз азыр өтө бекем.

Ал АКШ жана Британия адам укугун урматтаган өлкө экенине басым жасады:

- Биздин эл өз өлкөлөрүнүн тышкы саясатына бекем ишенет. Биз өзүбүздүн жарандык укуктарыбызды баалап-аздектейбиз. Биз башкалардын адамдык укуктарын да жактайбыз.

Жорж Буш АКШ башындагы күчтөрдүн Иракка жана Ооганстанга басып кирүүсүн коргоп, адамдарды зобундуктан коргоо үчүн айрым мезгилде аскер колдонуу зарыл, аскерлерди ири масштабда пайдалануу бизди баш-алмандыктан коргойт деген оюн айтты. Анын сөзүнчө, зулум диктаторлор менен террорчулардын кыргын салчу куралдарга ээ болуусу “биздин доордун эң чоң коркунучу саналат”.
Жорж Буш АКШ менен Британиянын азыркы дүйнөдөгү жалпы вазийпасына да токтолду:

- Кошмо Штаттары менен Британияда дүйнөдөгү күчтөрдүн балансын сактоодон же жөнөкөй кызыкчылыктардан башка да жалпы миссиясы бар. Биз эркиндикти жайылтууга жана эркиндикке алып барчу тынчтыкка умтулабыз. Биздин элдерибиздин бийик максаттарын алыскы жерлерде орнотуу үчүн азыр курмандыкка баруудабыз. Америка Британиянын уул-кыздарынын идеализмин жана эр жүрөктүүлүгүн урматтайт.

Президент Буш АКШнын Ирак саясатынын кажыбас колдоочусу, британ премьери Антони Блэр менен бейшемби күнү кездешет.

Ирактагы коалициялык күчтөргө тынбай жасалып жаткан чабуулдардан улам Буш менен Блэр да саясый оппонентери тарабынан дембе-дем сындалышууда.
Мындай жагдай кездешүүнүн башкы темасына Ирак маселесин чыгарды. Ошон үчүн, Буш менен Блэр келерки жылдын 30-июнуна Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүү зарылчылыгын талкуулашат. Андан тышкары, Израил-палестин чатагы жана европалык болот эритмесинен АКШда алынчу салыкты кыскартуу жөнүндө сөз болот деп болжолдонууда.

Президент Буштун мамлекеттик сапары учурунда өтүүчү демонстарцияларга жана “ал-Каидачылар” террордук акцияларды уюштурушу ыктымал деген кооптонууга байланыштуу- Лондондун көчөлөрүн 5 миңдей полицай күзөтүүдө. АКШ президентинин коопсуздугун камсыздоого эле британ өкмөтү 8,5 миллион доллар чыгым болот.

Этияттыктан улам Буш 11-сентябрь кыйраканында набыт болгон британиялыктардын жакындары менен АКШ элчилигин сыртындагы Эстелик багында эмес, элчикананын ичинде жолугушат деп билдирет Франс пресс.

Көрүлгөн чараларга карабай, АКШ президенти зайыбы менен токтогон Букингем сарайы жакшы күзөтүлбөгөнүн “Дейли миррор” гезити жазып чыкты. Гезит кабарчысы Райан Перри жалган документ менен падыша сарайына жумушка орношуп, эки ай иштеген. Перринин ырасташынча, аны жумушка алууга сунуш кылган кат текшерилген эмес.

Жорж Буштун Лондондогу сапары нааразылык акциялары менен коштолууда.
Бейшемби күнү да “Согушту токтотуу” уюму визитке жана Ирактагы согушка каршы 100 миңдей адам катышкан жөө жүрүш уюштурат жана анын катышуучулары Трафалгар аянтында Буштун кагаздан жасалган кебин өрттөшмөк болушууда.
XS
SM
MD
LG