Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

КЫШ КЕЛДИ, БИРОК ГАЗ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕ ЭЛЕК


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстанга кар жаап салды. Бирок эл кыштан үшүбөй чыгаарына азыр ишеним жок. Анткени өкмөт кышка жетиштүү газ алуу тууралуу маселени Өзбекстан менен ушул убакка чейин чече элек.

Ушул күндөрү Бишкек жылуулук-энергетика борборунда кышка жеткидей көмүр топтолбогону менен, быйыл кышта көмүр жетиштүү болооруна ишеним чоң. Анткени биздин өкмөттүн Казакстандын өкмөтү менен 612 миң тонна көмүр алуу тууралуу келишими бар. Казакстан аны азыр үзбөй жөнөтүп жатканы тууралуу маалымат бар. Ошондой эле электр энергиясы да кышка кенен жетет. Бирок кыштан эл үшүбөй чыгат деп азыр эч ким айта албайт.

- Токтогул суу сактагычында суунун кору бүгүнкү күнү 18,8 млрд. куб метр түзөт. Бул кыштан чыгууга жеткидей кошумча электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок газ берүү ишенимдүү болбосо, кыйынчылык болушу күтүлөт, - деди Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Акылбек Түмөнбаев дүйшөмбү күнү өкмөт башчысы өткөргөн селектордук кеңешмеде. Газ берүүнүн ишенимдүү болбогондугу - Өзбекстандан газ алуу тууралуу келишим ушул убакка чейин түзүлө элек. Өкмөттөн алынган маалыматтарга караганда, бул күндөрү Кыргызстандын делегациясы «Узтрансгаздын» өкүлдөрү менен газ тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Бирок, эсперттердин айтымында, анын түзүлүшү күмөн. Газсыз Бишкектин жылуулук-энергетика борбору көмүрдү күйгүзө албайт. Башкалаада жылуулук болбосо, анын калкы электр энергиясына жапырт өтүүгө аргасыз болот. Бул транформаторлордун, өткөрүүчү линиялардын иштен чыгышына алып келип, бүткүл өлкө боюнча электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Буга тынчсызданган Мыйзам чыгаруу жыйыны кышка даярдык тууралуу жума күнү «өкмөттүк саат» өткөрүүнү пландаштырып жатат.

- Контракттын жоктугу - бул маселенин бир эле жагы. Экинчи жагынан биздин карызыбыз көп. 11-12 млн. доллар Өзбекстанга карызыбыз бар. Кычыраган кыш келгенде элди көмүр издетпестен, өкмөт коркпой эле ушу баштан элге айтып коюшу керек. «Эми айла жок. Быйыл газ болбойт. Электрге өтүп же көмүр алып, эптеп кыштан чыккыла» деп ачык айта турган мезгил жетти, - дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашев. Быйыл Өзбекстан бизден жылдагыдай суу жана электр энергиясын алган эмес. Бишкек жылуулук-энергетика борбору жайлата газды «Кыргызгаз» аркылуу алып турду. Ал азыр «Кыргызгазга» карыз. «Кыргызгаз» андан жана башка керектөөчүлөрдөн 12 млн. доллар карызын өндүрө албай отурат. Мынча акча бюджеттен да чыкпастыгын айтышууда. Анткени Эл аралык Валюта Фонду «бюджеттин чыгымын 500 млн. сомго азайткыла» деп атат.

- 12 млн. долларды төлөп берүү реалдуу эмес, - дейт Тайырбек Сарпашев. Анын айтымында, абалдан чыгуунун бир эле жолу бар - Өзбекстандын алдына кол куушуруп барып, аны газды эмдиги жылдын эсебинен берүүгө көндүрүш керек.

- Дагы эле болсо мүмкүнчүлүк бар. Өзбекстандын өкмөтү менен келерки жылдын эсебинен газ алса болот. Бирок Өзбекстандын өкмөтү буга макул болобу же жокпу, бул башка кеп, - дейт Тайырбек Сарпашев. Өкмөттүн быйылкы кышка даярдыгы тууралуу маселе өткөн кыш чыга электе эле, жаздан бери көтөрүлүп келген. Бул маселе өкмөт жыйындарында жана парламенттин сессияларында бир нече жолу каралган болчу. Өкмөт буга чейин «эл кышта үшүбөйт» деп ишендирип келген.

XS
SM
MD
LG