Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

АДИСТЕР БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ЭЛ АРАЛЫК ПРОБЛЕМАЛАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ


Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын, Кытайдын, Орусиянын жана Европа Биримдигинин кызматташтыгын, алардын таасирин жана кызыкчылыктарын Кыргызстандагы саясатчылар жана эксперттер Бишкекте 19-ноябрда талкуулашты. «Тегерек үстөл» форматындагы талкууну Эберт фондунун колдоосу астында «Седеп» иликтөө борбору уюштурду.

Кыргызстандын президенти Борбор Азия мамлекеттери үчүн маанилүү өлкөлөр катары АКШны, Кытайды жана Орусияны белгилеп жүрөт. Бирок аталган мамлекеттердин арасында Европа Биримдиги жок. «Тегерек үстөл» талкуусун ачып жатып, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах ушундай пикирин билдирди. Чындыгында эле азыр Европа Биримдигинин Кыргызстандагы таасири саясий эмес, экономикалык жактан көбүрөөк салмакка ээ. Элчинин пикиринде, Европа Биримдиги экономикалык жактан Борбор Азияда олуттуу саясат жүргүзүп жатат жана уюм Чыгышты карай умтулууда. Биримдикке кирген өлкөлөрдөн айырмаланып, АКШ, Орусия жана Кытай мамлекеттеринин Борбор Азияда коопсуздук жагынан жана саясий кызыкчылыктары бар. Эксперттердин баамында, Советтер Союзунун кулашы, андан кийин 11-сентябрдагы АКШдагы терракт дүйнөдөгү чоң өзгөрүүлөрдү шарттады. Эберт фондунун Борбор Азия боюнча координатору Райнхард Крумм Борбор Азияга таасир этүүнүн өңүтүн мындайча чечмеледи:

- Борбор Азияга таасир көрсөтүүчү өлкөлөрдүн тизмесин атаса болот. АКШныкы, албетте - геосаясат, коопсуздук, мунай, газ. Орусияныкы деле ошол. Европа болсо эл аралык коопсуздуктун эпицентри катары саналат. Иран менен Түркиянын да таасири бар. Негизинен булардын Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда тарыхый тамыры бар. Кытайды болсо бул жер өзүнө суусу, энергоресурсу жана мунайы, газы менен тартат. Батыш Европа лидерликке азырынча умтулбайт. Ошондуктан Борбор Азияга умтулган реалдуу тараптар - АКШ, Кытай жана Орусия.

Ал эми мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин пикиринде, иш жүзүндө Борбор Азияга Орусия менен АКШнын гана таасири басымдуулук кылат:

- Америкалыктар менен орусиялыктардын кызыкчылыктары азырынча кайчы келген жери жок. Азырынча алар Борбор Азияда кантип жашоо боюнча кепке келип атышат. Бул үчүн Кудайга ыраазы болуш керек. Кокус карама-каршылык пайда болсо, Борбор Азия мамлекеттери, ириде Кыргызстан бир жагын тандашы керек. Бул тандоо лидерлер үчүн да, эл үчүн да кыйын болот.

Бирок анын бул пикирин саясат таануучу Нур Омаров колдогон жок. Анын көз карашында, бул эки өлкөнүн Борбор Азиядагы кызыкчылыктары кагылышууга жеткидей кайчылашпайт.

- Эки өлкөнүн ортосунда Борбор Азия боюнча конфликт болушу мүмкүн эмес. Чын-чынында Орусияны АКШнын Кытай сыяктуу реалдуу атаандашы катары кароо мүмкүн эмес, - дейт Нур Омаров.

Кандай болгон учурда да, азыркы шарттагы мамилелерде, анын ичинде чоң жана чакан өлкөлөрдүн мамилелеринде тең салмактуулук сакталып турушу үчүн Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнүн ич ара мамилелерин жөнгө салышы керек. Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбахтын пикири ушундай.

- Борбор Азия өлкөлөрү чоң империяларга ойной турган топ болуп калбаш үчүн ич ара атаандаш эмес, кызматташ катары өнүгүшү керек, - дейт Клаус Ахенбах. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ыркы кеткен сайын чоң өлкөлөрдүн үстөмдүгү арта берет.

Регион элдеринин бардык жалпылыктарын эске алган күндө да, бул өлкөлөрдүн жакындашышына үч негизги фактор жолтоо болот. Муратбек Иманалиевдин пикиринде, алар төмөнкүлөр:

- Биринчиден, жалпы региондогу баалуулуктар системасы. Бул негизги маселе. Мисалы, Европа Биримдигинде эң жогору бааланган нерсе тынчтык жана өнүгүү болчу. Бизде ал жок. Экинчиден, жетекчилердин саясий эрки, каалоосу жок. Үчүнчүдөн, Борбор Азияда тышкы коркунучтар да бар. Биз аны жакшы түшүнбөй атабыз.

Академик Арон Брудный болсо Борбор Азия аймагынын эле эмес, дүйнөдөгү чоң жана көптөгөн майда өлкөлөрдүн да келечегин Улуу Жибек Жолунун дипломатиясы менен байланыштырды. Бул албетте, ириде Кытайдын таасиринин өсүшүн шарттайт.

- Ушул көз караштан алганда, биздин кичинекей өлкө көптөгөн чоң, күчтүү өлкөлөрдү байланыштырган, балким алардын идеологиялык жолдорун туташтырган өтө маанилүү стратегиялык борбор, түйүн болуп калышы ыктымал. Бул даанышман жетекчилик болгон шартта өлкөнүн гүлдөшүн камсыздайт. Андай жетекчилик бар жана болот, - дейт Арон Брудный.

Эберт фондунун координатору Борбор Азиянын тышкы саясаты боюнча концепциясы өңдүү документти иштеп чыгууну сунуш кылды. Анын оюнда, бул кызматташтыктын тең салмактуулугун сактоого өбөлгө түзүп, чоң өлкөлөрдүн бул региондогу мамлекеттерди өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу аракетин чектейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG