Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

ЭРДОГАН: ТҮРКИЯ ТЕРРОРЧУЛАРДЫН КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮСҮН ЧЕТКЕ КАГАТ


Aким Өзгөн (Hakim Ozgen), Измир, Түркия Түркийанын Истанбул шаарында өткөн жумада болгон теракттарды тергөө жумуштары улантылууда. Учурда, ал жардырууларды, “ал-Кайида” менен байланышы болгон эки түрк атуулу ишке ашыргандыгы аныкталды.

Өткөн ишемби күнү Истанбул шаарында 25 кишинин өлүмүнө, 300дөн ашык адамдын жарадар болуусуна алып барган жанкечти террор иш-чарасынын артынан эки орчундуу суроо өлкөнүн күн тартибинин төрүн ээлеп келе жатат: терракттын артында ким турат, жардыруулардын негизги максаты жана бергиси келген эскерүүсү эмне?

Жардыруулардын артында ким бар деген суроонун үстүндөгү сыр пардасы акырындык менен араланып жатат. Түркийанын коопсуздук органдары көп окуйанын үстүнөн көп убакыт өтпөй туруп эле, жардырууларды ишке ашырган жанкечтилерди толук аныктап чыгышты. Шаршемби күнү Истанбул шаарынын губернатору Муаммер Гүлер басма сөз жыйынын уйуштуруп, тергөөлөрдүн натыйжасы тууралуу маалымат берди. Кийинки бул жардыруулар, өлкөдө ишке ашырылган эң ири масштабдагы террор чарасы экендигин айткан губернатор:

- Окуйалар менен байланыштуу жүргүзүлгөн тергөө жумуштарынын натыйжасында, жардыруу актыларынын экөөсү тең, ири көлөмдө жарылуучу зат жүктөлгөн автоунаалардын колдонулуусу аркылуу ишке ашырылган жанкечти террор чабуулу экендиги так аныкталды. Жардыруулардын натыйжасында, жанкечтилерди да кошо эсептегенде 25 киши өлүп, 300 киши жарадар болду.

Маалым болгондой, террордук “ал-Кайида” уюму Лондондо арап тилинде чыгуучу эки басылмага електрондук почто аркылуу кат жиберип, Истанбул шаарындагы эки башка райондо жөөт атуулдардын ыбаадатканаларынын алдында болгон бул терракттардын жоопкерчилигин өзүнө алган еле

Истанбулдун губернатору дагы, бардык жышааналар “ал-Кайида” жакты көргөзүп жаткандыгынын четин чыгарса дагы, бийлик чөйрөлөрү жана бир катар сайасий байкоочулар жана террор бойунча адистер, жоопкерчиликти дароо “ал-Кайида” менен байланыштыруудан сак болушту. Өлкөдө түрдүүчө жоромол кептер кеңири жайылууда. Айрым адистер жана комментаторлор, мунун артында Израилдин өзү болушу ыктымал деген ой-жоруулары менен тең бөлүшсө, айрым чөйрөлөр бул - АКШ жана Израил менен тыгыс байланышта болбоо жөнүндө Түркийага берилген эскертүү болуп эсептелет деген пикир билдирүүдө.

Мындайча жоромолдор өкүмөттү да кайдыгер катырбаган болсо керек; премиер министир Режеп Тайып Эрдоган шейшемби күнү партийасынын жыйынында мындай деп айтты:

- Мамлекетибизге, элибизге террор жолу менен кандайдыр бир эскертүү берилип жаткан болсо, ал эскертүүнү колумун сырты менен итерип жатканымды жана бутумун астына таштаганымды ушул жерден бүткүл дүйнөгө жар салам. Түркийа мамлекетине, террор жолу аркылуу бериле турган эч кандай эскертүү боло албайт. Бүгүн террордон пайда күткөн чөйрө, уйушма, курулуш же мамлекеттер, эртең бул балекет менен өзүлөрү беттешүүгө туура келет.

Айта кете турган болсок, Түркийанын 300 миң чамасында деп болжолгон жөөт атуулдарынын басымдуу көпчүлүгү Истанбул шаарында жашашат. Алардын дээрлик көпчүлүгү мындан 510 жыл мурда Испанийадагы жөөттөргө каршы башталган тукум-курут аракетинен кийин Осмон падышасы тарабынан атуулдук берилген жөөттөрдүн урпактары.
XS
SM
MD
LG