Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Тбилисиде президент Шеварднадзенин колдоочулары митинг өткөрүштү


Тбилисиде Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзенин тарапкерлери экинчи күн катары мнен демонстрация өткөрүп жатышат. Анын уюштуруучусу - Аслан Абашидзенин “Кайра жаралуу” партиясы. Митингте сүйлөгөндөр ажар лидери Абашидзени келээрки президенттикке талапкер катары аташты.
Анын аралыгында, Шеварднадзенин отставкасын талап кылып жаткан оппозиция лидерлери Грузиянын башка аймактарына барып, Тбилисиге тынчтык жүрүшүн уюштуруу аракетин көрүп жатышат.
Президент болсо оппозиция менен диалогго даяр экенин дагы бир ирет билдирди.
Кечээ АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрели грузин бийликтерине кайрылып, 2-ноябр күнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бейшембиге чейин жарыялоого жана өлкөдөгү кризисти чечүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG