Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

АКШ президенти Жорж Буштун Британиядагы мамлекеттик сапары башталды


Бүгүн АКШ президенти Жорж Буштун Британиядагы мамлекеттик сапары башталды. Лондондогу Букингем сарайында салтанаттуу кабыл алуу жөрөлгөсү болуп өттү. Бирок коопсуздук себептерден улам, салтанаттуу азем кыскартылган форматта өткөрүлдү.
Түштөн кийин Буш Британиянын өкмөт үйүндө чыгып сүйлөдү. Президент өз сөзүндө АКШ менен Британиянын кызматташтыгына токтолуп өтүп, Ирактагы жана Ооганстандагы аскерий операцияларды жактады:

- Бийликте Саддам Хусейн турган кезде Ирактагы абал, дүйнөдөгү коопсуздук кырдаалы жакшыраак болчу деп ким айта алат? Дүйнөнүн чар тарабынан террористерди өлкөсүнө топтоп алган молдо Омар учурундагы Ооганстан эми эл аралык коомчулук үчүн кооптуулук туудурбай калганынан күнөм санагандар барбы? Ал эми Европа болсо Милошевичтин жоопко тартылуусу менен утушка гана ээ болду.

Эртең Лондондо 100 миңдей кишинин катышуусу менен Ирактагы согушка каршы демонстрация болуп өтөт деп күтүлүүдө. Ордо шаардын көчөлөрүндө бүгүн коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG