Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Азия өлкөлөрүнө жол тартты


БИШКЕК. Кыргыз президентинин чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Филиппин менен Вьетнамга расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Атайын өкүлдүн катчылыгы тараткан маалыматка караганда, Ж.Оторбаев Филиппинде Азия Өнүктүрүү Банкынын Маниладагы баш кеңсесинде болуп, биргелешкен долбоорлор боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ал эми Вьетнамда болгон учурунда бул өлкөнүн пландоо жана инвестиция министрлигинин жетекчилери жана Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен жолугушат. Ал Вьетнамга жардам берген донор-мамлекеттердин ишин ыраатка салуу боюнча сүйлөшүүлөргө да катышат. Бул жолугушууларга Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Ловлейс жана Швейцариянын Координациялоочу кеңсесинин башчысы Урс Херрен катышат.

XS
SM
MD
LG