Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Мунай иштетүү тармагынын өкүлдөрү бензиндин баасы калыбына келээрин айтышты


БИШКЕК. Кыргызстанда бензиндин баасы 2 жуманын ичинде мурунку калыбына келет. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүлгөн басма сөз жыйынында «Мунай Мырза Опт» компаниясынын башчысы Өмүрбек Бапанов билдирди. Анын айтымында, баанын көтөрүлүшүнө Чымкент мунай заводу мурда түзүлгөн келишимди аткарбай, ноябрь айында Кыргызстанга 32 миң тонна бензин жөнөтпөй койгону себеп болдү. «Абалдан чыгыш үчүн биз Орусиянын Омск мунай заводунан 10 миң тонна бензин алып келатабыз. Ушундай эле максатта Орусиянын башка заводдору менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», - дейт Бапанов. «Күйүүчү май базарындагы кырдаалдын толук турукташуусу үчүн кыргыз өкмөтү казак өкмөтү менен сүйлөшүп, акциздик салыкты дагы төмөндөтүшү керек», - дейт Мунай трейдерлер ассоциациясынын башчысы Олег Забара. Өткөн жуманын аягынан тартып бензиндин баасы Кыргызстанда 6-7 сомго көтөрүлүп, азырынча өзгөрүүсүз турат.

XS
SM
MD
LG