Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Кыргыз парламентинин өкүлдөрү Страсбургдагы жыйынга катышууда


БИШКЕК. Бүгүн Страсбургда Европа Биримдиги менен Кыргызстандын парламенттик кызматташтык комитетинин IV жыйыны башталды. Ага Кыргызстандан Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары Сооронбай Жээнбеков баш болгон парламенттик делегация катышууда. Бул тууралуу бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматы кабарлады. Ал маалыматка караганда, Страсбургда Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы соода-экономикалык байланыш, Евробиримдик Кыргызстанда каржылап жаткан долбоорлордун аткарылышы, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин сакталышы сыңары маселелер талкууланат. Кыргыз депутаттары Европа парламентинин президенти Пат Кокс менен жолугушуусу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG