Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Укук коргоочунун доо арызын сот карай баштады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимкановго каршы укук коргоочу Турсунбек Акундун берген доо арызын карай баштады. Сотко доогер Турсунбек Акун, Мелис Эшимкановдун коомдук жактоочусу Жаныбек Жанызак жана «Лимон» гезитинин адвокаты катышты. Сотто Жаныбек Жанызак «Турсунбек Акундун арызданышына негиз жок, себеби, Мелис Эшимканов «Лимон» гезитине берген интервьюсунда Турсунбек Акун эмес, Акунов тууралуу айткан» деп билдирди. Ушундан улам судья «сотко Мелис Эшимканов өзү келип, ким жөнүндө айткандыгы тууралуу так маалымат берсин» деп, ишти кароону кийинки мөөнөткө калтырды. Турсунбек Акун 17-сентябрда сотко арыз жолдоп, анда «Мелис Эшимканов «Лимон» гезитине берген интервьюсунда мени «психикалык жактан мандеми бар» деп атап, адамдык абийир-беделиме шек келтирди» деп, М.Эшимкановдун 5 млн. сом айыппул төлөшүн талап кылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG