Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыз элинин басып өткөн карт тарыхында даңазалуу да, кайгылуу да учурлар көп болгон. Ал тууралуу эл арасында али катылып жаткан эчендеген сырлар бар. Жакында биздин студиябызга Баткендин алыскы Самаркандек кыштагынан Махмуд аттуу жигит салмагы 16 килограммдык ыйык Куран китебин көтөрүп келди. Ал мындан 150 жыл мурда Кудаяр хан тарабынан атайын көчүрүлүп жазылган, кооздолгон китеп экен. Анын ар бир жетинчи бетинде Кудаяр хандын алгачкы хандыкка көтөрүлгөндөгү жана кийинки экинчи-үчүнчү жолу хан көтөрүлгөндөгү эки түрлүү мөөрү басылыптыр. Көрсө ушул ыйык Курандын алдында Кудаяр хан эл алдында ант берип, ал ордодогу эң баалуу мамлекеттик символиканын бири катары эсептелчү экен. Качан Кудаяр хан акыркы жолу бийлигинен кол жууп, өз жерин, өз элин таштап четке качкан мезгилде бул ыйык китепти баткендик Ташмат казыга керээз кылып таштап кетиптир. Кудаяр хан өз керээзинде «бул ыйык Куран башка жакта эмес, ар убак кыргыз ордосунда турсун» деген сөзүн айтыптыр. Мына ошол ыйык китептин таржымалы тууралуу Ташмат казынын кыбырасы Махмуд мырза маек куруп берди.

- Махмуд мырза, сиздин колуңузда ата-бабаларыңыздан бери сакталып келген ыйык Курандын XIX кылымда жазылган көчүрмөсүн көрүп отурабыз. Бул Куран жөнөкөй китеп эмес экен. Өз мезгилинде бул Куран китепти Кокондун ошол мезгилдеги ханы атайын жаздырып, алар ант кабыл алаарда гана ачыкка чыгарышчу экен. Ошондой баалуу китеп кандайча сиздин колуңузда сакталуу жүрөт? Ушул китептин кыскача таржымалын айтып берсеңиз.

- Мен өзүм азыр Баткен облусунун Баткен районундагы Актатыр айылында жашайм. Бул китептин бизге келип сакталып калышы - Кудяр хан - Кокондун акыркы ханы - бийликти орустарга берип качкан учурда, биздин тоолор аркылуу кеткен экен. Ал эми Кудаяр хандын мезгилинде менин чоң атамдын атасы Ташмат Кокон хандыгында хандын кеңешчиси болуп турган. Кийин Кудаяр хан качып, биздин Жолтаңги деген жерибизге келип, 2-3 күн түнөп калат. Ошондо чоң атабызга: «Ташмат! Сен канча жылдан бери ордого ак кызмат кылып келгениңди билем. Андыктан башка адамга ишенбей, сага алып келип, ушул Куранды тапшырып жатам. Бул китепти кайсы жол менен болбосун кыргыз ордосуна калышынын камын эми өзүң көр. Бул ыйык китеп бир гана кыргыз ордосуна тиешелүү нерсе», - деп, ардактап тапшырган экен. Кудаяр хан кетээр алдында: «Мен Кокон хандыгына тиешелүү казына байлыгын албаганыма өкүнбөйм. Бир гана ушул китептин касиетине тойбодум», - деп, кайра-кайра артын кылчак-кылчак карап кеткен дешет. Анан Ташмат чоң атабыздын көзү өткөндөн кийин, анын артында үч уулу калат. Алардын бирөөсүнүн аты Кожояр, экинчисинин атын жакын санаалашы Кудаяр хандын урматына Кудаяр деп койгон, үчүнчүсү менин чоң атам Курбан. Үч бир тууган Совет доорунда куугунтукка алынып, сүргүнгө экөөсү айдалып, бул китеп менин чоң атама калат. Кийин чоң атамдын көзү өтөөрдө бул китепти берейин десе эч ким жок, баласы, менин атам жаш болгондугуна байланыштуу аялына дайындап кеткен.

- Махмуд мырза, сөзүңүзгө аралжы, мына ушундай ыйык китептерди, жалпы эле араб арибинде жазылган тарыхый, адабий китептерди Совет доорунда сакташ өтө кыйын болчу. Совет мезгилинин алгачкы жылдарында мындай китептерди миңдеп өрттөтүп, алар менен кошо ушундай баалуу тарыхый китептер өрттөлүп, же болбосо жерге көмүлүп жексен болуп кетти. Мына ушундай кыйын мезгилде бүгүнкү эгемендүүлүк доорго чейин ушул китеп кантип сакталып келди? Мына ушул тууралуу да айтып берсеңиз.

- Бул китептин, албетте, сакталып калышы оңойго турган жок. Бул үчүн көп нерселер болду. Менин эсимде калганы, бул китептин сакталып калышына 1975-76-жылдар болуш керек, Баткен райондук милициясынын ошол кездеги башчысы Закиров дегендин салымы зор. Ошол мезгилде кандайдыр-бир арыз түшүп, атам «эски китептерди сактап жүрөт» деп күнөөлөнө баштайт. Ошондой арыздан улам милиция кызматкерлери келип, биздин үйдү текшергенде, ар бир китепти биздин койнубузга катып, кошуналардын үйүнө качырган. Биз бул китепти көтөрө алчу эмеспиз. Ошондо китепти менин чоң эжем Закировдун уруксаты менен алып чыгып, кошуналардын үйүнө каткан. Ошондо эгер башка милиция башчысы болгондо бул китеп жок болуп кетмек.

- Совет доорунун алгачкы жылдарында китептерди өрттөгөн мезгилде сиздин чоң атаңыз китепти кантип сактап калган?

- Чоң атам өзү жаш кезинде эле көзү өтүп кеткен экен. Муну чоң энем сактаган. Атамдар айтчу эле, «Тажикстанга алып барып катчу элек, кайра Кыргызстанга алып келчү элек, тоого алып барып катчу элем. Бир орунга койгондон коркчу элем» деп. Акырында үйүбүздөгү дубалдын ортосунда сактаганын билем.

- Өзүңүз дагы Сауд Аравиясында окуп, ошол жерден диний билим алып келиптирсиз. Китептин өзүн дагы жакшы окуп, китептин ичиндеги мөөрлөр менен дагы таанышып чыгыпсыз. Ушул китептин айрым барактарында эки башка мөөр турат. Мына ушул мөөр тууралу да айтып берсеңиз.

- Чоңураак мөөрү Кудаяр хандын өзүнө тиешелүү. Ал эми кичинекей мөөрүндө Кудаяр хандын өзүнүн аты жана атасынын аты бар. Бул мөөрдүн үстүндө «фаттах» деген жазуу бар. Бул бир нече жолу хан болгондугун далилдеген мөөр. Өзүңүз жакшы билесиз, Кудаяр хан бир эле жолу хан болгон эмес, бир нече жолу хан көтөрүлгөн. Ошондуктан «бул мөөр - бир нече жолу хан болгон адамга гана татыктуу буюм» деп жазылган. Анан дагы бир мөөр бар, анда «вакихун вий сабийбиллах» деп жазып койгон. Албетте, «бул нерсе эч кандай акчага, эч кандай нерсеге сатылбайт» деген маанини туюндурган мөөр.

- Бул китеп кайсы мезгилде көчүрүлүп бүткөн?

- Бул китеп жазылып бүткөнү акыркы барагында көргөзүлгөн. Анда 1277-жылы, Хижра жылында жазылган экен. Жазылып бүткөнүнө 150 жылдай болуптур.

- 1277-жылы, Хижра жылы болгондо, ошондо Григорьян календары боюнча бул 1856-жылдарга туш келет экен. Эми жанагы жердеги мөөр жөнүндө албетте, сиз туура айтып кеттиңиз. Ушул мөөрдүн биринчиси Кудаяр хандын алгачкы хан болгон мезгилинде «Шералы хандын мураскору» деп жазылгандай түшүнүк берүүдө. Экинчиси Кудаяр хандын экинчи, үчүнчү жолу кайра Кокон хандыгына хан болуп, мына ошол мезгилде коюлган мөөрү болуш керек. Акыркы жолу ошол мөөрдү пайдаланып жүргөнүн архивдик булактардан биз кездештирип жүрөбүз. Эми өзүңүздүн чоң чоң атаңыз жөнүндө кандай маалыматтарды билесиз?

- Чоң атам жөнүндө маалыматтарды азыркы кезге чейин жашы өтүп калган аксакалдар айтышат, «Ташмат биздин өрөөндөгү эң бир билимдүү адамдардын бири болгон» деп. «Ташмат казы» деп айтышат. Азыркыга чейин аксакалдар айтып калышат, «сенин чоң атаң Ташмат казы Кокон хандыгында эң бир ишенимдүү адамдардын бири болгон» дешип.

- Бул китеп 150 жылдан ашуун сакталып келиптир. Ушул китепти бүгүнкү Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө жетип, өзү түтүн булатып, быйыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу мааракелерди өткөрүп жаткан кезде борборго алып келиптирсиз. Ушул китеп мындан ары кандай сакталып турушун каалайт элеңиз?

- Мен бул китепти 2000-жылы - кылым тогошкон жылы - өзүмчө ниет кылып, биздин аксакал жазуучубуз Төлөгөн Касымбековго алып келгем. Алып келсем ал кишинин кызыгуусу аябай зор болду. Бирок, тилекке каршы, ал киши биздин кээ бир өкмөт жетекчилерибизге «ушундай китеп бар» деп билдирсе, биздин жетекчилер жакшы кабыл албагандай болуп, «мындан жакшылары Аравияда жайнап жатат» дегендей жооп беришиптир. Ошондон бери китеп катылуу. Бул жерде менин айта турган нерсем - ар бир буюмдун тарыхый мааниси жана өзүнүн касиети бар го деп ойлом. Эми бул бир эле менин максатым эмес, менин чоң атамдын, чоң атамдын атасы Ташмат казынын, атамдын жана менин максатым. Ушул китеп биздин өзүбүздүн кыргыз мамлекетинде, кыргыз ордосунда калса, менин чоң аталарымдын, атамдын айткан осуятын аткарган болуп эсептейт элем өзүмдү. Бул нерсени жөн эле алып коюп, же музейге коюп көңүл бөлбөй эле калтырбастан, өзүбүздүн ордодо жакшы сактап, тиешелүү жерлерде иштетсе деген оюм бар. Албетте, бул жөнөкөй нерсе эмес. Бул Кыргызстанда тарыхый таберик катары гана эмес, касиеттүү буюм катары бааланып, кыргыз ордосунда турса деген оюм бар.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG