Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

ИРИ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ГЕОСАЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ, КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИГИНИН ТҮРКИЯДАГЫ КҮНДӨРҮ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ


Борбор Азиянын табигый байлыгы ири мамлекеттердин геосаясий кызыкчылыгын ойготуп келет. Бишкектеги интеллектуалдар жыйынында мына ушул талылуу маселе талкууга коюлуп, ар кыл ойлор айтылды. Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар Түркияда өттү. Республикада бензиндин баасы көтөрүлүп, май маселеси олуттуу проблемага айланууда. Мыйзам чыгаруу жыйыны мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды оңдоп-түзөөгө жөнөттү.

Эгемендикке жеткенден бери постсоветтик Борбор Азия республикалары ири мамлекеттердин назарына илинип, алардын геосаясий кызыкчылыгына багындырылган. Чөлкөмдүн опсуз чоң табигый байлыгы, ыңтайлуу жерде жайгашканы АКШны, Орусияны жана Кытайды кызыктырып келет. Европа Биримдиги постсоветтик Борбор Азия республикалары менен кызматташууга куштар. Өкүнткөн нерсе - чөлкөмдөгү чоң-кичине республикалардын ич ара ынтымагы жок. Лөк мамлекеттердин Борбор Азиядагы геосаясий кызыкчылыктары, Кыргызстандын тышкы саясий багыты Бишкектеги интеллектуалдар жыйынында талкууга алынганын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити комментарийледи.

Басылманын жаңы санында Ысыккөлдүн мамлекеттик маданий коругуна алынган таш жазма петроглифтердин өңү өчүп, тарыхый табериктер жок болуп баратканын кабарлаган макалага да орун берилген. Сүрөт чегилген 70тен ашуун ташка өткөн жылы «Кыргызреставрациянын» адистери атайын эритме куюшкан. Мунун айынан таштар жарылып, эстелик урап калуу коркунучунда.

Бейшембидеги «Трибуна» гезити Бишкек шаар башчысынын 30-октябрдагы буйругун жарыя кылды. Өкмөт башчысынын тапшырмасын аткаруу амалында Бишкек мэри мамлекеттик гезиттерге жазылууга 9 млн. сом бөлгөн. «7 облустун губернаторлору менен көптөгөн акимдердин да ушундай эле буйруктары бар» деп жазат гезит. «Эл аралык эркин басмакананын ачылышына чукул «Учкун» концерни мындан ары кызмат көрсөтүү акысын 20% азайтаарын билдирген. Бирок аны Монополияга каршы комитет четке какты» деп маалымдайт «Трибуна» гезити.

Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар Түркияда өткөнүн бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады.

«Бензин баасынын көтөрүлүшү Кыргызстанда мамлекеттин натыйжасыз экенин көрсөткөн мисал болду» деп белгилейт бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити. Марипов менен Байгуттиевдин пикиринде, мамлекеттин натыйжасыздыгы - сырттан инвестициянын келишине кедерги болгон негизги себептердин бири. Артыкбаш кызмат орундары көптүгүнөн дурус башталган иштердин көбү орто жолдон эле жоголот.

Жума күнү сатыкка түшчү «Агым» гезитинде жарыяланчу урунт материалдар туурасында басылманын башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаева мындайча айтып берди:

- «Агымдын» жарык көрө турган санында салык саясатын талдоого алган Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласы жарык көрмөкчү. Мындан тышкары, депутаттар Марат Султанов менен Азимбек Бекназаровдун маеги жарык көрүүдө. «Айыл аксакалдары Аскар Акаевдин түбөлүккө президент болуп калышын каалайбы-каалабайбы?» деген теманын тегерегинде ой жүгүрткөн Абдувахаб Мониевдин макаласы жарыяланмакчы. Азыр бензин кымбаттап кетпедиби. Ал тууралуу иштин көзүн билген адамдардын пикирин камтыган Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласы басууга даярдалууда.

«Аалам» гезитинде чыкчу материалдардын кыскача мазмунун басылманын башкы редакторунун орун басары Талас уулу Семетей мындайча маалымдады:

- Азыркы өзгөчө маанилүү тема болуп эсептелген мамлекеттик тил тууралуу кенен материал гезитибиздин биринчи бетинде кайрылуу катары басылган атат. Үчүнчү бетинде «Келкелиң келди, кайран тил» деген аталышта элдик пикирлерге кенен орун берип жатабыз. Кыргыздын теңирчилик дүйнө таанымын, анын байыркы жана азыркы проблемаларын козгогон материалдарга да бул ирет кеңири орун бердик.

«Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун орун басары Калил Жамгырчиев басууга даярдалып жаткан материалдар менен мындайча тааныштырды:

- «Кыргыз руху» гезитинин бул санында кыргыз-казак мамилесин, казак баурдастардын бизге жасаган мамилесинин айрым терс көрүнүштөрүн баяндаган макала жарыяланууда. Бийликтин жогорку тепкичиндеги айрым орун которуштуруулар жөнүндө кыскача маалыматтар жарык көрмөкчү.
XS
SM
MD
LG