Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

БУШ ЛОНДОНДО ИРАККА БАСЫМ ЖАСАДЫ


АКШ президенти Жорж Буштун Британиядагы мамлекеттик сапары уланууда. Шаршембиде ал Лондондогу Уайтхолл сарайында чогулган британ коомчулугунун өкүлдөрү алдында сүйлөп, Ирактагы согуштун дүйнөлүк маани-максатына басым жасады. Буштун визити айрым кыйынчылыктар жана күтүүсүз жагдайлардан да куру калган жок.

Шаршембиде Лондондогу Уайтхоллдо сүйлөгөн сөзүндө Жорж Буш Американын тышкы саясатынын башкы багыттарына токтолуп, эң негизгиси Ирактагы согуштун эл аралык маани-максатына басым жасады.

- Ирактыктар бизге өзүлөрүн коргоо милдетин ишенип жүктөшкөн, бул милдет кээ бир учурларда карасанатай адамдарды камакка алууну талап кылат. Андан да башка учурларда дүйнөдө башаламандык орнотуп, баарын өзүнө баш ийдиргиси келген адамдардан баарыбызды коргош үчүн коркунучка жараша күч колдонууга туура келет.

Америка менен Британиянын демократиялык баалуулуктар жагынан топтогон бай тажрыйбасын белгилеп, Жорж Буш эки өлкө Ирак, Ооганстан жана башка маселелерде жөнөкөй улуттук кызыкчылыктардан өйдө турган бийик максаттарды көздөп бириккенине көңүл бурду.

- Кошмо Штаттар жана Улуу Британия дүйнөдөгү бийликтин тең салмактуулугун орнотуу, же жөнөкөй улуттук кызыкчылыктардан улам биригишкен жок. Биздин башкы максат - эркиндик жана ошол эркиндик гана алып келчү бейпилдик. Ошол тилегибизге жетиш үчүн азыр өз жерибизден алыскы аймактарда аракеттенип жатабыз. Америка бул иштердеги Британиянын уул-кыздарынын эрдигин терең урматтайт.

Андан аркы сөзүндө ал Израилди палестиндерди күн сайын басмырлоону токтотууга үндөп, Тель-Авив орнотуп жаткан тосмо дубалдар менен тикенек зымдар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болорун белгиледи. Ошол эле учурда Буш европалыктарды палестиндердин жаңы лидерин алдыга сүрөп чыгарыш үчүн төрага Ясир Арафатты колдобоого чакырды.

Америкалык президент жубайы Лора Буш менен шаршембиде Букингем сарайында Британиянын канышасы Елизаветанын кабыл алуусунда болду. Андан сырткары президент Буш британ премьери Тони Блэр жана тышкы иштер министри Жек Стро менен жолугушуулар өткөрдү. Кечинде ал АКШнын Лондондогу элчилигинде Ирактагы согушта курман болгон британ аскерлеринин жакындары менен кездешип маектешти.

Америкалык президенттин Британиядагы сапары маалында коопсуздук чаралары кыйла күчөтүлүп, көчөлөрдө эки өлкөнүн жүздөгөн аскер кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп жатышат. Ошентсе да, Лондондук "Дэйли Миррор" гезити басылманын кабарчысы эч кандай катаал текшерүүсүз эле Букингем сарайында ички тейлөө кызматына оңой-олтоң орношуп алып, эки айдан бери иштеп жатканын жазып чыкты. Журналист өзү тааныбаган эле адамдын оозеки жолдомосу аркылуу кансарайга ишке орношуп алганын, анын ордунда башка бир террорчу болгондо, АКШ президентинин, же аны коштоп келген башка жетекчилердин өмүрүнө кол салуу оңойго турмагын баяндап берген. Америкалык президенттин визити маалындагы коопсуздук чараларына 5 млн фунт сарптаган Букингем сарайы бул окуя боюнча тергөө иштери башталганын маалымдады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG