Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Баткен облустук кеңеши облус губернаторунун милдетин аткаруучу Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин колдоду


БАТКЕН. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Баткен облусуна иш сапары менен барып, облустук кеңештин кезексиз жыйынына катышты. Анда президенттин кечээки жардыгы менен облус губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Аскарбек Шадиевдин талапкерлигине макулдук берүү жөнүндөгү маселе гана каралды. Алгач премьер-министр Николай Танаев сөзгө чыгып, мурдагы губернатор Мамат Айбалаев башка ишке өткөнүн кабарлады. Өкмөт башчысы М. Айбалаевдин кандай кызматка кетээри азырынча белгисиз экенин, бирок жаңы облусту түптөөдө анын эмгеги зор экенин айтып өттү. Н. Танаев губернатордун милдетин аткаруучу болуп жаңыдан дайындалган Аскарбек Шадиевдин өмүр таржымалына, жаш облусту өнүктүрүүдө ага зор ишеним көрсөтүлүп жатканына токтолду. Маселе колго салынганда жыйынга катышкан 24 депутаттын баары макулдук берип, жаңыдан дайындалган облус жетекчисин бир добуштан колдошту.

XS
SM
MD
LG