Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Өкмөт бензиндин кымбатташынын себебин түшүндүрдү


БИШКЕК. Бир-эки күн аралыгында Бишкекке Орусиянын Омск жана Казакстандын Чымкент шаарларынан 4000 тонна бензин келет. Ал эми айдын аягына чейин 15000 тонна алынып келиниши күтүлөт. Ушундан улам бензиндин баасы азыркыдан 4-5 сомго арзандап, кырдаал жөнгө салынат. Бул туурасында финансы министринин орун басары Мурат Исмаилов жана бул министрликтин алдындагы бажы департаментинин директорунун орун басары Айдарбек Дүйшалиев бүгүнкү маалымат жыйынында кабарлашты. Алардын айтымында, акыркы күндөрү бензиндин кескин кымбаттап кетиши Чымкент мунай иштетүү заводу ишин убактылуу токтоткондугуна байланыштуу болду. Азыр 2000 тонна мунай кору калды. Аларды «Альянс», «Азамат ойл» жана «ПМП» ишканалары сатууда. Маалымат жыйынында айтылгандарга караганда, Кыргызстанга бензиндин 48% Мунай трейдерлер ассоциациясы ташып сатат. А.Дүйшалиевдин айтымында, азыр калктын 85% А-80 үлгүсүндөгү бензинди пайдаланат. Аны «Альянс» ишканасы 18 сом 40 тыйындан сатууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG