Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Тышкы иштер министрлери Кант базасына барышты


БИШКЕК. Бүгүн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Кант аскер-аба базасында жайгашкан аскер кызматчыларынын жашоо шарты менен таанышып чыгышты. Ушул эле күнү базага уюмдун туусун тапшыруу салтанаты өттү. Тууну базанын башкы командачылыгына ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа тапшырды. Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов салтанатта жамааттык уюмга таандык аскердик базанын ордуна токтолуп, өз бааларын беришти. «Кант» авиабазасында булардан тышкары Армениянын тышкы иштер министри Вардан Осканян, Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Александр Сычев, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов болушту. Министрлер Кыргызстанга ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна катышканы келишкен. Ал отурум кечээ Бишкекте Кыргызстандын демилгеси менен өттү.

XS
SM
MD
LG