Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Жорж Буш жана Тони Блэр Ирактагы вазийпасын аягына жеткирүү ниетин бышыкташты


Лондондогу жолугушуусунда АКШнын президенти жана Британиянын премьер-министри Истамбулдагы бүгүнкү жардырууну айыпташты жана Ирак миссиясын бирге улантуу нийетин билдиришти. Жорж Буш мындай деди:

– Ооганстанда жана Иракта демократия орнотуу боюнча биздин биргелешкен ишибиз глобалдык терроризмди жеңүүдө чечүүчү мааниге ээ. Эркиндиктерди жайылтуу жана андан болгон үмүт жакынкы келечекте - үмүтсүздүк жана айласыздык менен күрөштүн бирден бир жолу болмокчу. Дал ушул сезимдер террорго шыкакчы болот.

Бүгүн Лондондо Буштун Ирак саясатына каршы жаңы демонстрация болду. Мунапыс уюмунун Лондон кеңсесинин жетекчиси Кейт Элен журналисттерге мындай деди:

- Премьер-министр Тони Блэр Буш менен сүйлөшкөндө Гуантанамодо камалып жаткан 660 адамдын маселесин көтөрөт деп үмүттөнөбүз. Аларды айып койбостон, сотсуз, адвокатсыз эки жылдан бери кармап турушат. Бул чынында да акылга сыйбайт.

XS
SM
MD
LG