Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Истамбулда эки жерде катуу жардыруу болду


Алдын-ала маалыматтарга караганда, бери эле дегенде 26 киши каза таап, 450 чакты адам жаракат алды. Курмандыктардын саны саат сайын өсүп жатат.
Алдын-ала кабарларга карагада, Британиянын консулатынын жана баш кеңсеси Лондондо жайгашкан ЭйчЭсБиСи (HSBC) банкынын имаратынын алдында жүк ташуучу машинага жүктөлгөн жардыргыч зат жардырылды. Консулатта аз эле дегенде 15 киши, анын ичинде Британиянын баш консулу Рожер Шорт набыт болду.
Күбөлөрдүн бири, сыналгы журналисти Пинар Йылдыз “Азаттыкка” телефондон буларды билдирди:

- Эки чоң жардыруу болду. Бирөө Метро-Сити соода түйүнү тараптан, экинчиси ЭйчЭсБиСи банкы тараптан болду. Мен банктын жанында өтүп бараткам, Банкта бир аялдын бети бүт кан, айгай салып, кыйкырып жатса, бетинен кан агып турду.

XS
SM
MD
LG