Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

КАДЫР ТҮН


20-ноябрдын түнү Рамазан айындагы эң ыйык түн - Кадыр түн болуп саналат. Орозонун Кадыр түнү жана аны мусулмандар кандай тосуп алышаары жөнүндө Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов биз менен ой бөлүштү.

- Муратаалы ажы, бүгүн Рамазан айындагы эң ыйык күн - Кадыр түн. Ал эмне себептен Кадыр түн аталып калган? Кадыр түндү мусулмандар кандай тосуп алышы керек?

- Бүгүн, 20-ноябрь, бейшемби күнү, Рамазандын 26дан 27ге өткөн түнү. «Бүгүн Кадыр түн» деп, ушуга даярдык көрүп турган учурубуз. Мен ушул убакыттан пайдаланып, бардыгыңыздарды ушул бүгүнкү Кадыр түн менен чын дилимден куттуктайм. Алла-Таала «Рамазан айынын ичине бир кечени бекиткемин. Ал - Кадыр түн. Кадыр түн ал өтө сооптуу, касиеттүү, ыйык кече» деген. Алла-Таала Куранда айтат: «Бир кече бар, ошол кече - Кадыр түн. Кадыр түндө окулган намаз, Кадыр түндө олтуруп Кудайга кылган ибадат миң айдан жакшыраак» деп. Кадыр түн болгондо Алла-Таала бизди ибадат кылып, Кудайга сыйынып олтурууну буйруйт. Эмне үчүн бул түн Кадыр түн болуп калды? Себеби, бул түнү жер жүзүнө бүт периштелер түшүп, ушул түнү Алла-Тааланын Кураны пайгамбарыбызга түшкөн. Ошол себептен Алла-Таала бул түндү «кадырлуу түн» деп атайт. Мына, Алла-Тааланын асмандагы периштелери бул түнү таң атканга чейин жер жүзүнө түшүп, Жебирейил периште баш болуп, ошол кечеде отурган адамдарга салам берип, Алла-Тааланын ырахматын, жакшылыгын каалап, ошол периштелер ошол кечеде олтурган адамдардын тилек, максатын кабыл болушуна себеп болуп, Алла-Тааладан сурап турат. Мына ошондуктан бул түндү биз миң айдан жакшыраак түн деп эсептейбиз. Азыр бүт мечиттерде, кээ бир адамдар өзүнүн үй-бүлөлөрүндө бала-бакырасынын алдында ушул түнгө даярданып жатышат. Бул кечени өткөрүүнүн тартиби - мүмкүн болушунча таза даарат менен, чын ыклас менен Кудайга сыйынып, өтүп кеткендерге Куранын багыштап, жакшы сөздөрдү, каалоолорду айтып өткөрүш керек. Бул кечеде арам нерселерди, жаман нерселерди, ичимдиктерди аралаштарбастан, мүмкүн болушунча намаз окуш керек. «Чын ыкластан намаз окуса күнөөлөрү кечирилет, ата-энесинин күнөөлөрү кечирилет» деген. Ошондуктан, урматтуу мусулмандар, бул күндө кайдыгер, көңүл кош калбай, мүмкүн болушунча кайсыл жерде болсо да олтуруп, кыбыла тарапты карап намаз окуп, ибадат кылып, Аллага сыйыналы, өтүп кеткендерге Куран окуйлу, элибизге, журтубузга тынчтык каалап, дуба кылалы. Алла «бирине да кайтарбастан кабыл кылам» деген. Ушундай соопторго жетишип, аракет кылып калалы. Сөзүмдүн акырында дагы бир жолу муфтият жамаатынын атынан бүгүнкү Кадыр түн менен, келе жаткан Орозо айт майрамы менен, Рамазан айы менен чын дилимден куттуктайм.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG