Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

СҮРӨӨТАШ КЫШТАГЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Кожогелди Култегин, Ош Өзбекстанга чектеш жайгашкан Карасуу районунун Сүрөөташ кыштакчасында балдарды окутуу жана өзбектер менен соода-сатык маселелери көйгөйлүү болуп, чечилбей келет.

Сүрөөташ кыштакчасына советтик доордо кыргызстандыктар Ош-Анжиян трассасы аркылуу, азыркы «Достук» чегара бажы бекетин кесип өтүп катташкан. Айылдын калган таржымалын Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Мавлюдахан Жумабаева мындайча эскерет:

- Мурда Союз мезгилинде Төлөйкан совхозу болуп турган мезгилде Сүрөөташ бир бригада болгон. 135 гектар жер бар, кыштактын эли ошого пахта эгип, дыйканчылык кылып жашаган. Бекеттер жабылып, эл өткөнгө мүмкүнчүлүк болбогондон кийин өзүбүз ошол айылга жол салдык. Жусубаташта жашап жаткан эл Өзбекстанга өтпөстөн эле, өзүбүз салган жол менен каттап атат. Жүздөн ашык кожолук жашайт. Бирок, келечек планда «калктуу пункт болсун» деп жасалган үчүн, ошол жерде 2-3 кожолукка участок бергенбиз. Эл азыр үй салып, ошол жерге көчүп барып жатат.

Бул жерде кошумчалай кетчү нерсе - биринчиден, үй салганга ал жакта жер кеңири. Экинчиден, Өзбекстандын жиреп киришин бөгөш үчүн кыштакчаны чоңойтуу зарылдыгы келип чыккан. Бүт өзбек улутундагы адамдар жашаган Сүрөөташка айыл өкмөтү күч үрөп атып өзүнчө мектеп куруп бергендиги да чоң ийгилик болду. Бүгүнкү күндө ал мектепте балдар 7-класска чейин окушат, эртеңки күнү 9 жылдык мектеп кылуу тилектери бар.

- Союз мезгилинде балдар Өзбекстанга өтүп окуп жүргөн. Эгемендүү болгондон кийин сөз чыгып, «балдарды ал жакта окутпайбыз» дедик. Ошондо 1997-жылы биз мектеп курдук, - дейт Мавлюдахан Жумабаева.

Бирок Сүрөөташтын 7-класстан жашы жогору балдарынын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын 3 чакырым алыскы Муккин атындагы өзбек мектебинде билим улантса, бир бөлүгү дале Өзбекстандын бул кыштакчадан 1 чакырым алыстыктагы Хамит Алимжанов атындагы орто мектебинде окушат. Бирок Өзбекстандын мектеби кыргызстандык бүтүрүүчүлөргө аттестат бербегендиктен, 11 классты алар Кыргызстандан окууга аргасыз. Биз сөзгө тарткан Хатабов Турсунбай ажынын балдары да Өзбекстан чегиндеги мектепте окушат экен.

- Менин 4 балам Өзбекстанда окуйт, - дейт ал.

Ал эми ошол Өзбекстандын мектебинин 8-классында окуган Рахима Турсунбаева классындагы 24 окуучунун ону сүрөөташтыктар, демек кыргызстандыктар экенин ачык айтты. «Силерди өзбекстандыктар «кыргызстандыксыңар» деп бөлөбү, жектейби?» деген сурообузга Рахима төмөндөгүчө жооп узатты:

- Мурдагыга караганда окутуучулар «адамдарды ажыратпагыла» деп калышты.

Кыргызстандын Сүрөөташ кыштакчасы Өзбекстандын кыштагы менен 3 чакырымча жанашып, жабышып турат. Чегараны кичинекей гана арык бөлөт. Кыштакчанын бир жак ыптасы - 1 чакырымдан ашык аралык. Ош-Анжиян трассасынын жээгинде. Андыктан эки мамлекеттин чегара, бажы, милиция кызматкерлери кез-кезде гана айланып көзөмөлдөп турганына карабастан, Сүрөөташ менен Өзбекстандын кыштагынын алыш-бериш, карым-катнашы күч. Маселен, аткезчилик жол менен Өзбекстандын бензини Кыргызстанга, Кыргызстанга келген Кытай товарлары ушул чөлкөм аркылуу өтүп турат. Хатамов Турсунбай ажы бул тууралуу мындай дейт:

- Бул жагы Кожабат, Анжиян, Манай деген жерлер бар. Ушул жерден ун, майда-чүйдө ташыйбыз. Бул жерге май куюучу бекет куруп коюшту. Бул май куюу бекетинде бензин, солярка бир күндө бир вагон болуп кетет.

Ушул күндөрү А-76 бензининин баасы Ошто 22 сом. Ал эми Өзбекстандын ушул чегинде ал 14 сомго барат. Мындан тышкары, өзбекстандыктардын турмушу бир аз начарыраак болгондуктан, аларды сүрөөташтыктар жардамга чакырып, акысын төлөп иштеткен учурлар да бар.

«Жакшы ниет» жамааттык коомунун башчысы Бахтияр Эргаров өзбекстандыктардын Кыргызстанга визасыз киришине да жардам берилээрин жашырган жок.

- Биз кичине жардам берип турабыз, Өзбекстандын элине. Себеби, Наманган облусу, Шархан 50 чакырым алыс, виза менен келиш керек. Булар кыйналганынан Карасууга ошол жол менен каттап барып атышат, - дейт Бахтияр Эргаров.

Сүрөөташ кыштакчасында эки чоң проблема бар. Биринчиси - алар электр жарыгын Өзбекстандан алышат. Бактыга жараша Азия Өнүктүрүү Банкынын атайын долбоорунун жардамы менен электр жарыгын Кыргызстандан алуу мүмкүнчүлүгү түзүлө турган болду.

- Азыр кичистанциялар, мамылар орнотулду. Эми зым тартыш керек, булар монтаж болгонго даяр. Жогорку чыңалуудагы зымды улап келсек эле болду, - дейт Бахтияр Эргаров. Экинчи проблема - таза суу.

- Суу жок. Өзбекстандан сууну көтөрүп чыгабыз. 600 метрдей жерден суу ташыйбыз, - дешти Миножатхан Иминова жана Иномжан Эргашов аттуу жергиликтүү тургундар.
XS
SM
MD
LG