Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ


“Кызыктуулар дүйнөсүнө” кезек беребиз. Бугүнкү чыгарылышта Германияда, Кытайда жана башка өлкөлөрдө катталган кызыктуу, таң калтыраарлык жана ажайып окуялар тууралуу сөз болот.

Германия өз имиджин өзгөртүүгө киришти. Муну менен экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан немистер чет өлкөлүк туристтерди жана инвесторлорду өлкөгө тартууну көздөп жатат. Плакаттарда салттуу бавариялык стилдеги тери шым кийген, чопо кружкадан пиво ичкен немистин ордуна, эми татынакай Клаудиа Шиффер “Немисче үйрөнүү менен келбетиңерди жакшырткыла” деген жазуу менен сүрөтүн көрсө болот. Расмий бийликтер немистерди жандуу, космополитан эл катары дүйнөгө таанытууну каалаарын айтышат.

Германияга байланыштуу дагы бир кабар. Дүйнөнүн музыкалык базарында америкалык жана англиялык жылдыздар үстөмдүк кылганына нааразы болгон немистер, поп жана рок коллеждерин расмий түрдө ача башташты. Үч жылга созулчу окуу учурунда жаш таланттар поп музыканын тарыхын, анын тенденцияларын, текст жазуу, обон чыгаруу, түрдүү аспаптарда ойноо, ырдоо боюнча ар кыл сабак өтүшөт. Музыкалык бизнеске кызыккандар болсо коомдук байланыштар, каржы жана менежмент боюнча атайын курстарга жазыла алышат.

Көп сериялуу кызыктуу бир филмди көрүп отурганыңда уландысы кандай болоор экен деп чыдамсыздык менен күтөсүң. Байыркы грек чыгармаларынын күйөрмандары ошондой чыгарманын уландысын 2 миң 50 жыл күтүүгө аргасыз болушту. Эсхилдин “Троя согушу” деген чыгармасынын жетишпей аткан фрагменттери жакында Египеттеги бир мумиянын ичинен табылды. Илмипоздор папирустагы үзүндүлөрдү жана байыркы башка тексттерди салыштырып көрүп, бул табылга трагедиянын чебери деп таанылган Эсхилдин чыгармасы деген бүтүмгө келишти.

Эмки жайда Кипрдин улуттук театры “Троя согушун” сахналаштырып, аны Кипр менен Грециянын көрөрмандарына тартуулашат. Адистер Эсхил 90дон ашык трагедия жазган дешет, бирок анын анча-мынча гана бөлүгү сакталып калган.

Сулуулук жарыштары азыр эч кимди таң калтырбай калган. Мисалы, жакында Кытайдын түндүгүндө өткөн жарыш 2 миңдей күйөрманды жана 1 миңге жакын катышуучуну чогулта алды. Байге үчүн ат салышкандардан талап кылынган критерийлерди атай кетсек – бул жылтылдаган чач, узун кирпик жана... чоң өркөч. Баса, мелдеш төөлөр арасында өткөнүн айта кетели.
Кытайдын Синхуа агенттигинин маалымдашынча, муну менен уюштуруучулар Ойсул Атанын тукумун коргоого, алардын санын көбөйтүүгө өкмөттүн көңүлүн бурдурууну максат кылды.

Швейцарияда жайгашкан Жаратылышты коргоо эл аралык уюму өзүнүн жылдык Кызыл китебин жарыялады. Адистердин айтымында, айрым аралдарда бүтүндөй экосистемалар жок болуп кетүү коркунучуна кабылган. Обочолонуп турган аралдар мындай өзгөчө коркунучка дуушар болгондугунун бир себеби - ал жерлерде табигый тең салмактуулук сакталып турат. Ал эми ошол аралдарга тыш жактан кийлигишүү болгон учурда, тең салмактуулук бузулуп, жергиликтүү флора менен фаунага чоң залака тиет. Быйыл Сейшел, Гавай жана Фолкленд аралдарындагы опурталдуу экологиялык абал өзгөчө белгиленди.

Жеткинчектер арасында уюштурулган Евровидение конкурсунун алгачкы жеңүүчүсү хорватиялык Дино Елушич болуп калды. Копенгагенде 8 миңдей көрүүчүнүн катышуусу менен өткөн мелдеш Европа өлкөлөрүндө түз эфирде көрсөтүлдү.
Чоңдордун Евровидениеси 50 жылдан бери уюштурулуп келатат. Балдар арасындагы 2-жарыш эмки жылы Британиядагы Манчестер шаарында өтөт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG