Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

МЕДИАКЕҢЕШТИН ӨТҮНҮЧҮ ЭМДИГИ ЖЫЛЫ ЭСКЕ АЛЫНАБЫ?


Кыргызстандын улуттук басма сөз күнү белгиленээрде Медиакеңеш президент А.Акаевге кайрылуу жолдогон. Кайрылууда маалымат каражаттарына каршы колдонулуп жаткан соттук айыппулдардын оголе көптүгү айтылып, журналисттерди жалган жалаа боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу сөз эркиндигине кайчы келээри тууралуу сөз болгон. Медиакеңеш президентке укуктук карама-каршылыктарды жоюу аракетин көрүп, мыйзам демилгесин көтөрүп чыгууну сунуш кылган.

Медиакеңештин демилгеси - кыйладан бери айтылып, маалымат каражаттарында такай талкууга алынып келаткан проблема. Мындан эки жыл илгери президент А.Акаев доо арызда көрсөтүлгөн айыппулдун 5% соттук алым иретинде төлөп берүү тууралуу жобо каралган мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланыш комитети мамлекеттик алымдын көлөмүн өндүрүлчү сумманын 10% чегинде калтырууну туура көргөн. Парламенттик талкууда комитет президенттик сунушка ыктаганы менен, жаңы мыйзам долбоору палатадан колдоо тапкан эмес. Ал эми Кылмыш-жаза кодексиндеги 127-берененин 3-пункту боюнча Кабай Карабековдун комитети «жалган жалаа үчүн айыпкерди 6 айдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу оголе оор болоорун» белгилеп, аны административдик жаза же чоң айыппул салуу менен чектөөнү сунуш кылган. Президенттин мыйзам долбоорунда Кылмыш-жаза кодексинен 127-беренени толук алып салуу көрсөтүлгөн.

Кабай Карабековдун айтымында, журналисттердин укуктарын коргоого байланышкан мыйзам долбоорлору эмдиги жылы парламенттин кароосуна коюлат. Сөз эркиндигинин бүгүнкүсү менен болочогун аныктаган мындай мыйзамдык демилгелер парламенттен ушинтип колдоо таппай турган чагы. Ушундай шартта адамдык абийири менен ишкердик беделине доо кеткенин айтып, миллиондогон сомдук айыппулдарды өндүрүп берүү талабын коюп, сотко доо арыз менен кайрылган аткаминерлердин саны арбыды.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланыш комитетинин төрагасы Кабай Карабеков жагдайдан чыгуунун бир жолун «Мамлекеттик алым тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн көрөт.

- Медиакеңеш карманган жүйө туура, - дейт Кабай мырза. - Биз оболу «Мамлекеттик алым тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз зарыл. Адамдык абийир, арнамысты коргоо соттук доо арызда көрсөтүлгөн сумманын 10 сомун гана түзөт. Доо арыздагы сумма 5 млн. же 50 млн. сомду түзүшү мүмкүн. Сотто доогер менен жоопкердин укуктарын теңдештириш үчүн биз «Мамлекеттик алым тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек.

Медиакеңештин жаңы сунушу президенттен, парламенттин комитетинен колдоо тапканы менен, палатанын отурумунда дагы эле четке кагылышы мүмкүн.

- Быйыл жазында мына ушул эки мыйзам долбоору боюнча парламенттик-коомдук талкуу өткөрдүк, - дейт Кабай Карабеков. - Ондон ашуун депутат чыгып сүйлөп, анын бирөө да жаңы мыйзам долбоорун колдогон жок. Оппозиция өкүлдөрү, өкмөткө жан тартчу депутаттардын баары каршы чыгышты. Журналисттердин жагдайын жакшыртчу маселеге келгенде парламенттин депутаттары оң-солго бөлүнбөй, биригип алып каршы турушууда. Таң калыштуу, бирок бул факт.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев «Медиакеңештин сунушун колдош керек» деген пикирде.

- Мындай демилгесин колдосо болот. Аны улантып иштей берсин, - дейт Кубан мырза. - Бирок Медиакеңеш арыздарды карап, «эмне үчүн тигил гезит же журналист жаман жазып атат, ошону тыйыш керек, жазалаш керек» десе, андай Медиакеңештин тагдыры кыска болот. Андай Медиакеңешти жабыш керек. Өзү деле жабылып калат. Мыйзам долбоору өтөөр-өтпөсүн парламент чечет. Парламент аны күн тартибине киргизип, добуш берсе жакшы. өткөрбөсө дагы бир аракет кылышат го дейм.

Дегинкиси Медиакеңештин сунушу президенттен колдоо тапкан күндө деле парламенттин элегинен өтүшү күмөн. Ошол себептүү, айрым эксперттердин пикиринде, Кыргызстан демократиялык салт-санаасы өнүккөн Батыш өлкөлөрүнүн жолоюн жолдогону оң. Адамдык аброюн, ишкердик беделин сот аркылуу коргогусу келген аткаминер сотко доо арыз жолдогондон мурун кызматын өткөрүп берип, жөнжай адам катары доосун ачыкка чыгарганы дурус. Ага чейин жаңы мыйзам долбоорлору президент менен парламенттин ортосунда түрткүнчүк болуп жүрө бериши толук ыктымал.
XS
SM
MD
LG