Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Белгилүү ырчы Майкл Жексон күрөөгө үч миллион доллар койду


Белгилүү эстрада жылдызы 45 жаштагы Майкл Жексонго жаш балага сексуалдык ыдык көрсөткөн деген кине коюлуп бейшемби күнү Калифорнияда камакка алынган. Жексон үч миллион АКШ долларын күрөөгө коюп, камалгандан бир саат өткөндөн кийин Санта-Барбара полиция бөлүмүнөн бошотулду. Поп-жылдызы өзүнө коюлган айыпты моюнга алган жок. Майкл Жексондун адвокаты Марк Жерагостун айтымында:
Майкл мага аны коргоо боюнча баардык мүмкүнчүлүктү берди. Бул айып тагуулар эч бир чындыкка туура келбейт. Ал сот залына барууну чыдамсыздык менен күтөт. Анткени Майкл аны көралбагандарга каршы туруп, өзүнө тагылган кылмышты жокко чыгарат.
Соттук териштирүү келээрки жылы 9-январда башталат.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Аманбек Дилденбай, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG