Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Ахмед Корейи Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен жолугушат


Палестин автономунун премьер-министри Ахмед Корейи Израил менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди. Ал тынчтык келишими жарым жылдан кийин ишке ашаарына үмүттөнөт.
Келээрки жумада Ахмед Корейинин Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен жолугушуусу күтүлүүдө. Корейи Палестиндин премьер-министр болуп дайындалгандан кийин, Шарон менен биринчи ирет жолукмакчы.
Палестин премьер-министри экстремисттик топтордун жетекчилери менен жолугушуп, Израил менен тынчтык келишимин түзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулайт. Палестин менен Израил сүйлөшүүсү 2-декабрда Каирде өтөт.

XS
SM
MD
LG