Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

ГРУЗИЯДА ОППОЗИЦИЯ ТЫНЧЫЙ ЭЛЕК


Бейшембиде Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялады. Эксперттер 3 жумадан бери Грузияда түзүлгөн кырдаалды президент Шеварднадзе бийликте турган 11 жыл ичиндеги эң ири саясий кризис деп аташты. Шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганы менен, оппозициячылар нааразылык акцияларын токтотпоорун билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нана Девдариани атайын маалымат жыйынында билдиргендей, депутаттык мандат үчүн күрөштө өкмөтчүл маанайдагы "Жаңы Грузия үчүн" бирикмеси добуштардын 21,3%ын топтоп, алдыга озуп чыкты. Башка бир да саясий партия мынчалык добуш топтой алган жок, бирок парламентке өткөн төрт оппозициячыл саясий партиянын добуштарын топтой келгенде, алардыкы чогусу менен өкмөтчүл блоктукунан ашат. Экинчи орунду Ажария авнотомиялык республикасынын лидери Аслан Абашидзенин "Демократиялык кайра жаралуу" партиясы ээледи. Бул кыймылдын активисттери башында өзүлөрүн оппозициячыл партия деп атап, кийинчерээк шайлоонун тегерегинде чатактар башталганда, президент Шеварднадзени колдоп кетишкен.

Бул эки өкмөтчүл уюшмадан кийин грузин парламентиндеги орундарды оппозициячыл Улуттук кыймыл, Эмгек партиясы, мурдагы парламенттин спикери Нино Буржанадзе жетектеген коалиция жана бизнесмендердин Жаңы укук партиясы өз ара бөлүшмөй болушту. 235 депутаттан турган грузин парламентиндеги орундардын 40%ын бир мандаттуу округдардан шайланган мыйзамчылар түзүшөт.

Бейшембиде Тбилисиде өткөн маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нана Девдариани парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өтпөгөнү менен, радикал оппозициячылар айткандай баштан-аяк мыйзам бузуу, добуштарды бурмалоо менен коштолуп отурган жок деп белгиледи.

- Бири-бирибизди алдабай чындыкты бетке айтсак, бул шайлоо – өтө начар тажрыйба болду. Бирок, мурдагыга караганда эч кандай жылыш жасалган жок дегендерге кошула албайм. Азыркы мезгилдин талабына жараша колдон келгенин жасадык, бирок бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алган жокпуз, - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси жаатташкан эки тараптын тең көңүлүн жайкай.

Парламенттик шайлоо өткөн 2-ноябрдан бери Тбилисиде улам бир ири нааразылык акциясын өткөрүп, президент Шеварднадзенин отставкага кетишин талап кылып жаткан оппозициячылар БШКнын бул айткандарына ынанышкан жок. Атүгүл Тбилиси шаардык Кеңешинин төрагасы, башкы оппозициячы Михаил Саакашвили президент Шеварднадзе шайлоонун жыйынтыктарын бекитип, жаңы парламенттин жыйынын чакыртса,Грузиянын бардык чөлкөмдөрүндө президентти кызматынан кетирүү боюнча кеңири акциялар башталаарын эскертти.

Соңку күндөрү Тбилисиде Эдуард Шеварднадзеге колдоо билдирген демонстрациялар өтүп, аларга да миңдеген адамдар катышышкан. 3 аптадан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүү негизинен тынч өтүп жатканы менен, жакында Зугдиди калаасындагы шайлоо участкаларынын биринде ок атылып, шаршембиде Тбилисиде каршылаш тараптардын өкүлдөрү көчөдө мушташа кетишкени кооптондурбай койбойт. Шеварднадзени колдоп уюшулган митингдерди опозициячылар бийликтин элди экиге бөлүп, бири-бирине кайраштыруу аракети катары баалап жатышат. Экс-спикер Нино Буржанадзе буларды белгиледи.

- Тбилисидеги башкы көчө - Руставели проспектинде болгон кечээки окуялар бийликтин элди өкмөт менен оппозиция тарапка ажыратып, экиге бөлүү аракети деп баалайм. Грузияда эл эмес, бийлик менен карапайым калк күрөшүп жатат.

Тбилисилик маалымат каражаттары Нино Буржанадзенин жубайы, Грузиянын башкы прокурорунун биринчи орун басары Бадри Битсадзе кызматынан баш тартканын жарыялашты. Ошентип, Грузияда саясий жагдай тынч эмес, парламенттик шайлоонун жыйынтыктары коомдогу тирешүүнү басаңдаткан жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG