Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13
БИШКЕК. В. И. Лениндин эстелигин которуу тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин териштирүү өтүнүчү менен Кыргызстан коммунисттик партиясынын башчысы Клара Ажыбекова Жогорку Сотко кайрыла турган болду. Анткени анын даттануусун кечээ Бишкек шаардык сотунун коллегиясы карап, бирок канааттандырган жок. Ажыбекова ««В.И.Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды бузду» деген доомат менен кыргыз өкмөтүн сотко берген. Анын арыз беришине В. И. Лениндин эстелигинин 16-августта Бишкектин «Алатоо» аянтынан өкмөттүн токтомуна ылайык алынып салынышы себеп болгон. Райондук сот доо арызды бир ай мурда карап, бирок аны канааттандырган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG