Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстандагы киши сатыкка каршы күрөшкө ЮСАИД жардам көрсөттү


БИШКЕК. Кыргызстанда киши сатыкты жоюу боюнча 2 жылга эсептелген жаңы долбоор ишке кирди. Долбоорду АКШнын ЮСАИД уюмунун колдоосу менен «Winrock International» уюму Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар менен биргелешип ишке киргизүүдө. 500 миң доллар каражатты камтыган бул долбоор коомдук уюмдардын жана айрым атуулдардын киши сатыкка каршы күрөштөгү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатын көздөйт. Бул тууралуу бүгүн «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында айтылды. Ага ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлү Клиффорд Браун, АКШ элчилигинин үчүнчү катчысы Жэнэ Кули, долбоордун менеджери Элмира Шишкараева жана бир катар бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG