Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:31

Кылмыш кодексине олуттуу өзгөртүү киргизилди


БИШКЕК. Президент А.Акаев жакында Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык эми тартип коргоо органдарынын атуулдарга кыйноо көрсөткөн кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү кылмышына жараша 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул мыйзамдын долбоору БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин сунушу менен даярдалып, былтыр Мыйзам чыгаруу жыйынына сунуш кылынган. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга мамлекет башчысы каршы пикирин билдирген. Көп өтпөй бул мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан экинчи ирет жактырылып, президентке жөнөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG