Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

КЫРГЫЗСТАНДА ЫРААТТУУ КАДР САЯСАТЫ БАРБЫ?


Кийинки учурда өлкөдө бир катар кардлык өзгөрүүлөр болду. Баткен облусуна жаңы губернатор дайындалды. Ош шаарынын мэри алмашты. Энергетикалык коопсуздук маселеси боюнча вице-премьер-министр иштей баштады. Буга окшогон кардлык жаңылануулар элге эмне берет? Кыргызстанда ырааттуу кадр саясаты барбы?

Кадрлар Кыргызстанда кандай тандалат? Бул маселе боюнча көз карашын билдирген эркин талдоочулар «өлкөдө ырааттуу кадр саясаты жок» дешсе, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилери мындай суроого түз жооп берүүдөн тайсалдашты. Өкмөттү дайыма сынга алып келаткан оппозициялык маанайдагы саясатчылар тургай, радикалдуу көз караштары менен деле айырмаланбаган, борборчул депутаттар да «кадр саясатындагы кемчиликтер - өлкөдө түзүлгөн оор абалдын башкы себепчиси» деген пикирлерин айтышты. Маселен, парламенттин депутаты Замирбек Парманкулов «кардлар эки жол менен тандалып алынат» дейт:

- Биринчиси - «бул биздин киши, буга ишенсе болот» деген жол. Экинчиси – биринчилеринин ишин түздөш үчүн адистерди да алышат. Кыргызстанда азыр жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына менин көз карашым терс. Анткени туура эмес кадр саясаты болуп жатат. Иштин көзүн билген, тажрыйбалуу адистер, анан жаңы замандын күрөө тамырында жүргөн жаштар ишке тартылбай жатат.

Замирбек Парманкуловдун мындай пикирин анын кесиптеши Ташболот Балтабаев да колдоого алат.

- Иште жыйынтык болбосо, ал үчүн жетекчи керт башы менен жооп бериши керек, - дейт Ташболот Балтабаев. - Ар жыл сайын президенттик администрация, өкмөт кимдин кандай иштеп жаткандыгын адилет, калыс талдоого алган иликтөөлөрдү жүргүзүп турушу керек. Анын негизинде «бул жетекчинин иши ушундай болуп жатат, эл арасындагы кадыр-баркы мындай» деген маалыматтар мамлекет башчысына жетип турушу зарыл. Ошого жараша кадрларга мамиле болушу керек. Тилекке каршы, бизде бир тармакты сызга отургузган адамды экинчи тармактын башчылыгына дайындап коюшат. Муну эл көрүп турат, аны жашыра да албайсың.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча президент жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн өз буйругу менен дайындап жана аларды кызматтан ала алат. Акыркы ирет Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаев кызматынан «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» деген негиз менен бошотулду. Баткенден шайланган депутат Ташболот Балтабаев бул кадрлык өзгөрүү тууралуу мындай деди:

- Айбалаев тууралуу жеке пикир айтпай эле коёюн. Бир белгилеп коё турган жагдай - бул киши жаңыдан ушул кызматка коюлган жылы анын рейтинги эл арасында 100% болчу. Азыр андай колдоо жок.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Зайнидин Курмановдун ынанымында, кадр саясатында бир катар кемчиликтер болуп жатканы менен, президенттин соңку дайындоолору үмүттүн шооласын кайра жандырды.

- Менин оюмча, аймактарды, жерлерди, тараптарды бир сыйра, эки сыйра, үч сыйра карап, алардан жетекчиликке коюп көрдүк, - дейт Зайнидин Курманов. - Эми азыр кадр тандоо боюнча саясий жаңы системаны турмушка киргизгенге бышып жетилдик. Өзүңөр күбө болуп жатасыңар, соңку убакта акимчиликтерге, облустук башкарууга, министрликтерге көп жаш балдар келип жатат. Конкурстук тандап алуу системасы иштей баштады. Бирок мындай жаңылыктарга мурдагы эски оорулар тоскоолдук кылып жатат.

Өлкөнүн вице-премьер-министри, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевге «Соңку кадрлык дайындоолор боюнча пикириңиз кандай?» деген суроо узаттык.

- Менин буга эч кандай тиешем жок. Биздин республикада кадр саясаты боюнча бир гана адам – президент иштейт. Тиешелүү кишилерден сурагыла, - деп жооп берди Кубанычбек Жумалиев.

Кыргызстандагы кадр саясаты боюнча маселеге азыр чет мамлекетте жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин көз-карашы мындай:

- Кадрлар кандай тандалат? Биринчиден, жеке гана А. Акаевдин кызыкчылыгына иштеп бере турган кишилер тандалат. Экинчиден, чоң суммадагы пара берип кызмат алышат. Анан ошол киши кыргыз эли үчүн иштейби? Андай киши «берген акчамды толуктап алайын, кайра чогултуп алайын» дейт. Мына ошондуктан эл үчүн кызмат кылгандар аз боуп жатпайбы.
XS
SM
MD
LG