Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Мындан 40 жыл илгери АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди киши колдуу өлгөн. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деген сөз бар эмеспи. Бирок алигиче Кеннединин өлтүрүлүшүнүн сыры ачылбаган бойдон кала берүүдө.

1963-жылдын 22-ноябрында чак түштө АКШнын президенти Жон Кеннеди түшкөн машине Техас штатындагы Даллас шаарынын көчөлөрү менен зымырап баратты. Саат 12ден 29 мүнөт өткөндө президент түшкөн машине Хюстон жана Элм көчөлөрүнүн кесилишиндеги Техас Окуу китептер кампасынын имаратына жакын келди. Лимузин Элм көчөсүнө бурула бергенде бери дегенде эки жолу, айрым маалымат боюнча, үч жолу ок атылды. Бир ок президенттин кара кушу аркылуу аралап өткөн. Экинчи ок анын башынын оң жагына тийген. Оор жарадар Кеннеди Далластагы Парклэнд ооруканасына жеткирилди, бирок анын өмүрүн сактоого ылаажы болбоду.

Үналгы таркаткан суук кабар АКШнын мамлекет башчысынын о дүйнөгө сапар тартканын калайыкка маалымдаган. Бул – түшкү саат бир чен эле. 50 мүнөт өтүп-өтпөй, Ли Харви Освалд аттуу киши бул окуя менен байланыштуу камакка алынган. Анын манжаларынын тагы бар мылтык алиги китеп кампасынын алтынчы кабатынан табылган.

Бир кезде Советтер Бирдигине качып барган жана үч жылдай Минскиде турган соң, беларус улутундагы жубайы менен кайра АКШга кайткан бул мырза менен байланыштуу окуялар дагы эле сырдуу бойдон кала берүүдө.


Далласта камакка алынган соң, Освалд өзүнө тагылган доону четке каккан. Освалд кабарчы менен маегинде өзүн эч кандай мыйзамсыз эле суракка алышканын айткан жана кабарчы ага берген: “Сиз Президентти аттыңыз беле?” деген суроого Ли Харви Освалд: “Мен эч кимди аткан эмесмин”, - деп жооп кайырган.

Окуя андан ары чийеленишип, камакка алынгандан эки күн өтпөй, Освалддын өзү да түз сыналгы берүүсү учурунда атып өлтүрүлдү.

Освалдды аткан Жэк Руби аттуу киши Далластагы түнкү клубдун кожоюну катары маалым эле. Айрым такталбаган жоромолдорго караганда, ал жергиликтүү мафия менен тыгыз байланышта болгон имиш.

1964-жылкы расмий тергөөнүн жыйынтыгында, Освалд президент Кеннедини жалгыз өзү өлтүргөн, анын артында эч ким турган эмес жана Освалддын өзүн өлтүргөн Рубинин артында да эч кандай күчтөр жок деп тыянак чыгарылган.

Бул кайгылуу окуядан бери 40 жылдын жүзү өтсө да, америкалыктар үчүн президенттин киши колдуу өлүмүнүн сыры тууралуу маселе талаш-тартыштуу бойдон кала берүүдө. Гэллап сурамжылоо маалыматы көрсөткөндөй, азыркы америкалыктардын 72 пайызы “Кеннедиге кастарын тиккен күчтөр анын өлүмү үчүн жоопкер” деп санашат. Вашингтондогу Америкалык университеттин профессору, тарыхчы Питер Кузниктин оюнча, 60-жылдардын башында президент Кеннединин өлүмүнө Борбордук Чалгын кызматы, Федералдык тергөө бюросу, Кубадагы марксисттик режимди колдогон саясатчылар сыяктуу күчтөр кызыкдар болгон имиш. АКШнын аскердик өнөржай комплекси, советтик КГБ, ал түгүл мафия сыяктуу күчтөр да мындай доодон четте калган эмес.

Ал эми америкалык жазуучу Норман Мейлердин оюнча, Освалдды КГБнын кишиси деп саноо туура эмес, анткени Минскидеги архивдик маалыматтар айгинелегендей, КГБнын өзү Освалдды америкалык тыңчы санап, анын ар бир баскан изин аңдый берип, суй жыгылгыча чарчаган экен.

Бул маселени иликтөөгө катышы бар америкалык саясатчы Роберт Блекинин айтымында, азыркы талаш-тартыштардын өзөгү “Кеннедини Освалд өлтүрдү беле?” деген суроого эмес, “Освалдды жалдаган тарап бар беле?” деген суроого барып такалууда. Дегиңкиси, АКШнын 35-президентинин өлүмү менен байланыштуу талаш кийин да “Чубактын кунундай” чубала бериши ыктымал.

Ал эми маркум Жон Кеннединин өзүн америка улуту 1963-жылдын 25-ноябрында элдин чыгаан уулу катары акыркы сапарга узаткан.
XS
SM
MD
LG