Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДАСТАНЧЫЛЫК, ТӨКМӨЛҮК ӨНӨРҮ ЮНЕСКОнун ДҮЙНӨЛҮК ШЕДЕВРЛЕР ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жакында ЮНЕСКО кыргыз элинин дастанчылык, төкмөлүк өнөрүн дүйнөлүк 28 шедеврдин бири катары таанып, камкордукка алыш үчүн атайын программага киргизди. Кыргыз элинин дүйнө элдерин суктандырган мындай өнөрүн Дүйнө шедеврлеринин тизмесине кошуу бекеринен эмес. Анын үстүнөн Дүйнө эпостору ассоциациясынын президенти, эл жазуучусу Бексултан Жакиев 3 жыл аракеттенди.

- Бексултан аба, жакында кыргыздын төкмөлүк өнөрү ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк шедеврлеринин тизмесине киргизилип, төкмө акындарга мындан ары камкордук көргөзүлөөрү маалымат каражаттарында жазылып кетти. Төкмөлүктүн ЮНЕСКОнун атайын программасына киришине өзүңүздүн дагы салымыңыз бар экен. Ушунун таржымалы тууралуу айтып берсеңиз.

- Жеке эле төкмө акындардын эмес, манасчылардын, дастанчылардын да өнөрү «Дүйнө элдеринин оозеки мурасынын шедеври» деген наам алды. 2000-жылы Кыргызстанга ЮНЕСКОнун башкы директору Мацууранын каты келген экен. Биз ушул боюнча адегенде «Манасты» сунуш кылдык. Алар болсо «эми бу «Манасты» 1000 жылдыктан кийин башка өлкөлөр таанып калды. Силер ушу таанылбаган, мүмкүн жоголуп кетүү коркунучунда турган өнөрүңөрдү бергиле» дешти. Ошондо «Манасты», кенже эпосторубузду, ырчылык өнөрүбүздү сактап кала турган, ошондой эле тилибизди коргоп кала турган өнөр - манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк. Ушуну ойлоп туруп, «Дүйнө элдеринин оозеки мурасынын шедеври» деген программага киргизгенбиз.

- ЮНЕСКОнун ошол программасына киргизиш оңой-олтоң болбосо керек. Ошол тууралу кененирээк айтып берсеңиз.

- Бул бир кап туз жегендей эле иш болду. Ачык айтыш керек, муну негизинен жеке мен даярдадым. Бирок мага чоң жардам берген ЮНЕСКОнун кызматкер кыздары болду. ЮНЕСКОнун талабы боюнча биз 10 мүнөттүк кино тартышыбыз керек экен. Ага кошумча дагы 30 мүнөттүк видеоматериалдар манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр боюнча аудиоматериал, фотоматериал, библиография керек экен. Мындан тышкары, эки жолу адистердин, акындардын, манасчылардын, дастанчылардын жолугушусун өткөрдүк. Ушулардын бардыгына үч жыл бою иштедим десем болот. Париждеги ЮНЕСКОнун кеңсесинен «2-3 илимий институт иштебесе, бүтүрө албайсыңар» деп кат да келди. Былтыр март айында Токиодо шедевр боюнча алты күндүк семинар-жыйналыш өттү. Ошол жыйналышта элүүгө жакын долбоор көрсөтүлгөн. Ошолордун ичинен бешөөнү гана тандап, Парижге жөнөтүшкөн, ошонун бири биздики болгон. Ошол 58дин ичинен дүнүйө жүзү боюнча 28и шедевр деген наамга татыктуу болду. Анын ичинде биздин өнөрчүлөрүбүз да бар.

- «Бүткөн иштин автору көп» дейт. Мына сиздер долбоор жазып, аягына чыгарыпсыздар. Ошонун аткарылышына ким жоопкер болот?

- Негизинен мунун аткарылышына жоопкер – Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык ассоциациясы. Бирок мындан ары биздин өкмөт четте турбашы керек, ал дагы кам көрүп, жардам кылышы керек. Негизги жардамды ЮНЕСКО берет. Анын талабы боюнча мен 5 жылдык план бергем. Мүмкүн ал планда анча-мынча өзгөртүү болоор. 5 жылдык планга жараша ал бизге акча бере турган өлкөнү таап берет. Ошонун негизинде төкмөлүк, манасчылык, дастанчылык өнөрдү өөрчүтүү, кайра жаратуу, таратуу боюнча иштерди жүргүзөбүз.

- Сиз айткан 5 жылдык атайын пландын негизги иш-чараларын тааныштырып койсоңуз…

- Эң негизгиси - биздин манасчыларыбыз, дастанчыларыбыз, төкмөлөрүбүз илгертен бери салт катары өзүнөн кийинки шакирттерин ала жүргөн. Антпесе өспөйт да. Мына ушул шакирттерди даярдоо, ар бир облуста жаш ырчыларды, төкмөлөрдү, акындарды, манасчыларды, дастанчыларды таптай турган мектептер уюшулат. Аларга биздин мыкты, атактуу өнөрпоздорубуз жетекчилик кылышат. Бардык номинация боюнча 5 жылдын акырында эл аралык чоң фестивал өтөт. Андан тышкары, конференция өтөт, кийинки беш жылдык планы ошондо бекитилиши керек.

- Бексултан аба, буга чейин төкмө акындардын атайын мектеби уюшулуп, аны бир туугандар Шерниязовдор уюштуруп жүрөт. Алар менен да биргелешип иш алып барасыңарбы?

- Акындардын өткөндө мелдеши болбодубу, 30-августта өткөн. Ошондо мени жюри мүчөсү кылган экен. Ал мелдеш абдан жакшы өттү, Филармонияда эл батпай калды. Ошондо Шерниязовдор менен сүйлөшүп, «ЮНЕСКОго долбоор бергенбиз» деп ачыгын айтып, «мындан ары биргелешип иштейли» дедим. Биз бөлүнүп иштебешибиз керек. Бул өнөр меники, тигиники, аныкы, мунуку эмес. Бул өнөр жалпы элдики.

- Эми сөздү жыйынтыктап атып, Кыргызстандагы төкмө акындардын, манасчылардын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу да айта кетсеңиз.

- Мына, жаш манасчылардын мектеби десек болот, ийрими десек болот, ар кайсы облустарда болуп атат. Ушуну менен «Манас» өсүп кетти дегенге болбойт. Эпостун айтуусу болбосо, ал өлүү эпос болуп калат. Буга мисал – «Илиада» менен «Одиссея». Мунун айтуучулары жок. Тирүү айтуучу болбосо эпосту «өлүк» деп коет. Биздин кенже эпосторубуздун акыбалы өтө начар. Булардын айтуучулары, ырдоочулары жокко эсе болуп калган. Роза Аманова өзү жанталашып жүрүп жаттап, Курманбекти толук айтты. Тууганбай Абдиев, Замирбек анча-мынча үзүндү айтышат. Ашыраалы Айталиев мыкты ырдачу эле, «Карагул ботомду», ал киши картайып баратат. Мар Азимов бир топ нерселерди айтчу эле, ал кишинин көзү өтүп кетти. Ошон үчүн буларды биз кайра жандандырышыбыз керек.
XS
SM
MD
LG