Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫН КӨЙГӨЙҮ, БЕНЗИН ТАРТЫШТЫГЫ, УЛУТТУК ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН МИЛДЕТИ


Кыргыз басылмаларынын бетинен түшпөгөн кош тема электр энергиясын уурдоочуларга катаал чара көрүү аракети жана баасы кымбаттаган бензин болууда. Бензиндин баасына кошулуп товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн акысы да көтөрүлөөрү эмитеден эле айтылууда. Парламент мамлекеттик тил мыйзамы долбоорун биринчи окуудан өткөрдү. Анын тегерегиндеги кеп-сөздөр дагыле улантылууда. Кыргыз тилинин абалынан улам улут интеллигенциясынын даремети жөнүндө аркыл ойлор айтылууда.

Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Олег Забарага шилтеме берип жума күнкү «МСН» гезитинин жазганына ынансак, мурдале акысы төлөнгөн Чымкен бензини жакын арада Кыргызстанга келип калышы ыктымал. Бензин бизнеси менен шугулдангандар өкмөткө ишаара кылып акциз салыгын азайтууну айта башташты. Бензиндин баасынын көтөрүлүшү инфляциянын күчөшүнө алып келет. Кыргыз өкмөтү болсо жадегенде күйүүчү-майлоочу майлардын корун түзүүгө да жарабаптыр. «Ошондон улам, өкмөт бензин кризисинен кантип чыгууну билбей турат», деп жазат Лариса Ли.

Улуттук маданиятка мамлекеттин мамилеси, интеллигенциянын өлкө тагдырына жоопкерчилиги тууралуу басылманын жаңы санында Дооронбек Садырбаев ой жүгүрткөн. «Азыр мамлекет эч кимге эч нерсени жүктөбөй атпайбы, - дейт Д.Садырбаев. - Мамлекетте идеология жок болуп отурбайбы. Анан кыргыз мамлекетинде жашап атып кыргыз тили өлүп атат, кыргыз тили кыйын ахывалга келип атат деп айтыштын өзү айып».

Финансы министринин орунбасары Мурат Исмаилов кыргыз өкмөтү бензинди үзгүлтүксүз ташып келүү тууралуу Казакстан жетекчилиги менен сүйлөшүп, макулдашууга жетишкенин «В конце недели» апталыгында айткан. «Бир жума ичинде бензин Бишкекке келип калышы ыктымал. Анткен менен өкмөттүн бейгам жообу бир катар суроолорду пайда кылат», деп белгилейт Кубан Мамбетов «Күйүүчү-майлоочу майлар көйгөйү» деген макаласында. Автордун пикири боюнча, бензин кризиси республикадагы оголе опуртал жагдайды ачыкка чыгарып койду. «Кризис кирип келгенде Кыргызстан алакан жайып отуруп калды. 1997-жылдан бери Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар боюнча мамлекеттик кору жок. Аны түзүүгө өкмөттүн шылтоосу толтура. Непадам, бензин бизнеси менен шугулданган жеке компаниялар ишин токтотуп койсо республиканын айласы ошондо куруйт. Мамлекет экономикалык коопсуздугуна жүр-нары мамиле жасабашы керек», - деп белгилейт К.Мамбетов.

Электр энергиясынын акысын төлөбөй жүргөндөр менен аны уурдагандарга каршы аёосуз күрөштүн алгачкы жыйынтыгы чыга баштаганы ушул эле гезитте маалымдалат. Прокуратуранын көмөгү менен «Түндүкэлектр» акционердик коомуна тийиштүү 20 миллион сом өндүрүлгөн.

Себепти жалгыз Чымкен мунай иштетүү заводуна шылтап, күйүүчү май базарында түзүлгөн жагдайдан пайдаланып, кирешесин арбытууга куштар адамдардын бар экендигин апта соңундагы «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Кыргызстан жылына керектөөчү 400 миң тоннага жакын күйүүчү-майлоочу майлардын кыйласын бир-эки гана компания ташып келет. Алардын өзүмбилемдигинен өлкө экономикасы жабыркап, социалдык жарылуу болуп кетиши ыктымал. Мындан ары кысталыш кырдаалда калбаш үчүн Кыргызстан туруктуу мунай корун түзүшү керек. Ошондо гана монополисттердин өзүмбилемдигине чек коюлат, деп сунуштайт «Кыргызстанда бензинди чайкап аткандар кимдер?» макаласынын авторлору.

Бензиндин кымбатташы карапайым калкты жарга такагандыгын апта соңундагы «Заман Кыргызстан» гезити да белгиледи.

«Учурда кай жерде канча кыргыз жүргөнүн бир Кудай билбесе эч ким билбейт. Маалымат каражаттарында Орусияда 300 миң, Казакстанда 50 миң, алыскы чет өлкөлөрдө 55 миңге чейин кыргыз эмгек мигранттары жүрөт сыяктуу божомол сандар айтылып келет», - деп жазат жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Бахтияр Шаматов «Мусапыр кишинин муңу көп» макаласында. Эмгек миграциясынын келечегине токтолгон автор момундай салыштырууну алдыга жаят: «Дүйнөлүк экинчи уруштан кийин ушу Жапониянын башына күн түшүп, кризис коколоп турганда алдуу-күчтүү, шыктуу жаштары түп көтөрүлө Американы көздөй агылган экен. Бүгүнкү гүлдөгөн Жапонияны кайдан-жайдан пайда болгон сыйкыр эмес, так ошо жөнөкөй, бирок Атамекен десе ашын жерге койгон жапондор курган дешет. Ойлончу иш бекен?»

Ушул эле басылманын жаңы санында Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестиция тартуу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбековдун «Келечекте ар бир айылда эларалык интернет байланышы болот» деген аталыштагы маеги жарыяланган. Анда Кыргызстандын байланыш тармагына ээ Швециянын «Шведтелеком» компаниясы беш жыл ичинде айыл-айылдарды эларалык жана ички байланыш менен камсыз кылуу милдетин алгандыгы маалымдалган.

Калык Акы уулунун 120 жылдыгына арналган макала, эскерүүлөр апта соңундагы «Эркин тоо», «Кыргыз туусу» гезиттеринде жарыяланды. «Улуу таланттын жаркын элеси азырга чейин жашап келүүдө», - деп эскерет Калык акын Аксыга барганда анын ак батасын тестияр чагында алган жазуучу, журналист Илгиз Талип «Эркин тоо» гезитинде. - Анын олуялык кылып айтканы акталдыбы-жокпу билбейм, бирок мен бүт өмүрүмдү адабият менен байланыштырдым».
XS
SM
MD
LG