Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 23:20

Ирактын эки жеринде жардыруу болуп, он алты адам өлүмгө учурады


"Ди-Эйч-Эл" эл аралык жүк ташуучу компаниясынын учагына жерден ракеталык чабуул жасалганынан улам ал шашылыш Багдаддагы аэропортко конууга аргасыз болду. Авариялык абалда кондурулган учактын бир жагы түтөп-өрттөнүп жатканы, андагы адамдар жабыр тартпаганы кабарланды. Бүгүн таңга маал Багдаддан анча алыс эмес Хан Бани Саад калаасындагы полиция бөлүмүндө бомба жардырылып, 10 чакты адам набыт кетип, дагы ондогон кишилер жараат алышты. Окуя болгон жерден америкалык капитан Райан Маккормак буларды билдирди.
"Азыркы тапта белгилүү болгондой, алты ирактык полициячы, ушул жерде иштеген үч катардагы жаран, бир кичинекей кыз курман болушту, дагы ондой полициячы жараат алышты".
Ага удаа Бакуба калаасында да жардыруу болуп, ал жерде алты полициячы жантаслим болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG