Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Ысыккөл облусунда кризистик-психологиялык борбор ачылды


КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы жана Түп районундагы кризистик-психологиялык борбор аялдар арасындагы зордук-зомбулукка каршы күрөш жүргүзүүчү Бишкектеги «Сезим» кризистик борборунун бөлүмү катары ачылды. Каракол шаарындагы аталган борбордун жетекчиси Роза Айтбаеванын маалыматы боюнча, облуста, айрыкча, элет жеринде аялдарга жасалуучу зордук-зомбулук боюнча абал себеп болууда. Анткени күйөөлөрүнөн кордук көрүп, атургай бейкүнөө ажал табышкан кыз-келиндер көп. «Алар социалдык жардамга гана эмес, моралдык колдоого, жылуу сөзгө да муктаж. Ошондуктан жаңы ачылган кризистик борборго психолог даарыгерлер, юристтер тартылат» дейт Роза Айтбаева.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG