Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

ИРАК ҮЧҮН ООГАНСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫН КАЙТАЛОО КЕРЕКПИ?


Иракта кол салуулар дээрлик күн сайын кайталанууда. Жардыруулардан бул жердеги коалициянын өкүлдөрү гана эмес ирактыктардын өздөрү, анын ичинде бейкүнөө адамдар да мерт болуп жатышат. Ирактагы кырдаал кечээ БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланып, өлкөдөгү саясий жана экономикалык реформалардын келечегин аныктоо үчүн учурунда Ооганстан боюнча өткөрүлгөндөй эл аралык конференция чакыруу сунуштары айтылды.

Террордук чабуулдардан Ирак ишембиде да куру болгон жок. Бул күнкү окуялар көргөзгөндөй, террорчулардын бутасына Ирактагы коалициянын аскерлери менен өкүлдөрү гана эмес алар жана өлкөнүн Башкаруу кеңеши менен кызматташкан ирактыктардын өздөрү да кабылууда. Ошондой эле бейкүнөө адамдар да мерт болуп жатышат. Ишембиде жанкечтилер башкалаа Багдаддан түндүк тарапта жайгашкан Бакуба жана Хан Бани Саад деген чакан шаарчада полиция бекеттерин жардырышып, бери дегенде 16 киши каза тапты. Алардын көпчүлүгү -иш ордунда отурушкан ирактык полицейлер. Курман болгондордун арасында бир кичинекей кыз да бар. Сами Хуссейн аттуу полицей Бакуба шаарында терракт кантип ишке ашырылганы жөнүндө кабарчыларга буларды билдирди:

- Бир киши айдап келген автоунааны күзөттө тургандар токтотууга аракеттенди. Бирок рулдагы жанкечти автоунааны полиция кеңсесинин алдыңкы эшигине жеткенде жардырып жиберди. Натыйжада тегеректеги машиналар да жарылды.

Америкалык аскерлер Бакубада а кол салууларды ишке ашырып жаткан согушкерлерге каршы жакынд операцияларды жүргүзүшкөн болчу. Белгилеп кетчи дагы бир жагдай, полиция бекеттери жардырылган Бакуба жана Хан Бани Саад шаарчасы "суниттердин үч бурчтугу" деп аталган аймакка кирет. Аталган аймакта партизандык кыймыл күчтүү.

Мунун аралыгында, Ирактагы кырдаал жума күнү кайрадан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкууланып, анда Коопсуздук Кеңешинин үч мүчөсү: Франция, Орусия жана Германия Ирак боюнча учурунда Оооганстан үчүн өткөрүлгөндөй эл аралык конференция чакыруу сунушу менен чыкты. Алардын пикиринде, өлкөдөгү жаңы саясий жараяндын багытын аныктоочу конференцияга Ирактагы саясий күчтөрдүн баары, ага коңшу өлкөлөр жана башка кызыкдар тараптар да тартылышы керек: Германиянын БУУдагы элчиси Гүнтөр Плойгер:

- Биз Ооганстанда жакшы эле ийгиликке жетиштик. Өлкөнү стабилдештирүүгө жана жаңыдан башталып жаткан жараянга жардам берсе эмне үчүн ал моделди кайталоого болбосун.

Жума күнкү жыйында Коопсуздук Кеңешине Ирактагы кырдаал, бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүү жараяны тууралуу АКШнын жана Британиянын элчилери маалымат беришкен эле. БУУдагы британ элчиси Жон Перринин кабарчыларга билдиргенине караганда, эгер Ирактын Башкаруу кеңеши конференция чакыруу жөнүндөгү идеяны колдосо, коалициялык администрация ал маселени карап көрөт.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Орусия, Германия, Франция, Кытайдын элчилери Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүү боюнча АКШ менен Ирактын Башкаруу кеңешинин ортосунда жакында жетишилген макулдашууну кубатташты. Бирок бул жараянды ишке ашырууда анын легитимдүүлүгү үчүн БУУга жетектөөчү роль ыйгарылышы керектигин белгилешти. БУУ бул багыттагы иштерге кантип катышаары азырынча түшүнүксүз. Коопсуздук жүйөөсүнөн улам уюмдун Иракка четтен барган кызматкерлери чыгарылып кеткен. Апта башында башкатчы Коффи Аннан балким БУУ өз иштерин сырттан туруп эле жүргүзүшү да мүмкүн экенин айткан болчу. АКШ менен Ирактын Башкаруу Кеңеши ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, келерки жылдын июнь айына чейин жер –жерлерде өтүүчү жыйындар аркылуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясына делегаттар шайланышы керек. Өз кезегинде Улуттук ассамблея Иракты Конституция кабыл алынып, 2005-жылдын аягында өтүүчү жалпы элдик шайлоого чейин жетектей турган утурумдук өкмөттү бекитет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG