Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

ОРУСИЯЛЫК КОММУНИСТТЕР: БАЙЛАРДЫН МҮЛКҮН ТЕКШЕРҮҮНҮ УЛАНТУУ АБЗЕЛ! НАЗАРБАЕВА ПРЕЗИДЕНТТИККЕ УМТУЛАБЫ?


Дооров (Torokul Dorov), Москва. Орусиянын маалымат каражаттары толугу менен шайлоо алдындагы өнөктүккө өткөндүгүн байкоо кыйын эмес. Бул чоң аракетке катыштык басма сөз каражаттарына - гезит-журналдарга да мүнөздүү.

Орусияда келээрки айдын 7-күнү өтүүчү парламенттик шайлоого катышууну көздөп жатышкан саясий партиялардын ич-ара кызуу тирешүүсү шайлоо жакындаган сайын курчуп барат. Бүгүн орус жеринде басылып жаткан гезит-журналдарда шайлоого тиешеси жок макаланы табуу дээрлик мүмкүн эмес. Жакында эле мамлекеттин Конституциялык сотунун чечими менен журналисттердин эркин ишмердүүлүгүнө берилген мүмкүнчүлүк, байкоочулардын баамында, ашыкча кыйкырыктар менен бири-бирин каралоого да жол ачты.

«Независимая газета» «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун мурдагы кабарчысы, учурда орус жериндеги негизги телеканалдардын бири - НТВда «Сөз эркиндиги» программасынын алып баруучусу Савик Шустер менен шайлоо алдында мамлекеттеги сөз эркиндигинин абалы туурасында маегин тартуулайт. Журналист Савик Шустердин айтымында, орус эли Парламенттик шайлоо соңунда саясий тиби такыр башка мамлекетте жашап калат. Бирок кандай саясий тип тууралуу кеп жүрүп жатканын Шустер тактаган жок. Орусиядагы саясий абалдан сырт, журналистиканын жалпы эле коом өнүгүүсүндө ээлеген оорду тууралуу да сөзүн баштап, Шустер орус журналистикасы көп учурда жагдайга өз баасын берүүгө аракеттенип жаткандыгын, ушунун айынан эл ичинде таза маалыматка болгон талап улам күчөп баратканын айтат.

Жогоруда ысмы аталган журналисттин «Сөз эркиндиги» телеберүүсү учурда саясий партиялардын өкүлдөрү ортосунда жүрүүчү сыналгыдебаттарды өткөрүүдө. «Жума күнү берүүгө катышкан саясий партиялардын ичинде Либерал-демократиялык партиянын жетекчиси Владимир Жириновский дагы бир жолу өзүнүн атаандаштарын мушташууга түрттү» деп кабарлады «Коммерсант» гезити. Макалада айтылгандай, Жириновский «Родина» блогунун өкүлү генерал Шпактын уулу Чеченстандагы согушта каза тапканына ыраазы экендигин, уулунун чечен жериндеги өлүмүнө генерал өзү күнөөкөр экендигин айткан.

«Орусиялык коммунисттер Кремлге эл байлыгын уурдап алышкан байлардын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүнү улантуу программасын сунуш кылышат», - деп маалымдайт «Газета» аталышындагы басылма. КПРФчилердин ишенимдеринде, текшерүүнү биринчи кезекте расмий бийликке жакын турушкан байлардан баштоо керек. Геннадий Зюганов жетектеген коммунисттик партия ишмердүүлүгү кылдат текшерүүгө кабылышы зарыл деп таанылган байлардын катарына Чукотск губернатору жана «Челси» клубунун ээси Роман Абрамовичти, «Интеррос» инвестициялык компаниясынын президенти Владимир Потанинди, «Альфа-груптун» жетекчилеринин бири Михаил Фридманды жана МДМ-банктан Андрей Мельниченкону кошту.

«Коммунисттердин каалоосун бийлик тымызын сезе койдубу, же илгертеден эле орус байларын текшерүүгө камынып келгенби, айтор, Альфа-банктын иш-документтери жума күнү Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан тартылып алынды» деп жазды ишемби күнкү санында «Коммерсант» . Расмий маалыматтарга ылайык, Альфа-банктын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүү мамлекеттик казынага тиешелүү каражаттын уурдалышы тууралуу доо менен байланыштырылууда.

Орус басма сөзүндө мамлекет ичиндеги окуяларга арналган макалалардан сырткары жалпы Шериктеш өлкөлөрдүн аймагындагы саясий абалга арналган макалалар да арбын жарыяланды. КМШ өлкөлөрүндөгү бүгүнкү расмий бийликтин ордуна кайсыл күчтөр келе тургандыгы көптөн бери талкууга алынып келүүдө. Бул тема ушул аптада «Московский комсомолец» гезитинде козголду. «Азербайджандын экс-президенти Гердай Алиевдин ордуна анын уулу Илхам Алиевдин келиши жалпы эле КМШ алкагында жакынкы жылдары президенттик так азыркы бийлик ээлеринин жакын туугандары менен алмашуу ыктымалы бар экендигин көрсөттү» деп жазат гезит.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы, өз өлкөсүндөгү журналисттер Конгрессин төрайымы жана жаңы түзүлүп жаткан «Асар» саясий партиясынын жетекчиси Дарига Назарбаева коңшулаш жумурияттардын элиталарын бириктирүүгө аракет жасап жатканы туралуу «Известия» гезити жазды. Дарига Назарбаеванын айтымында, ал келечекте Казакстандын мамлекет башчысы болууга умтулбайт. Бирок Назарбаева мындай жоопкерчиликтин өзүнө берилүү мүмкүнчүлүгүн биротоло жокко чыгаруудан алыс.
XS
SM
MD
LG