Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:33

КЫРГЫЗ-НОГОЙ ЭТНОГЕНЕТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШЫ


«Талаа энциклопедиясы» эсептелген теңдешсиз «Манас» дастанында Жакып баласы Манаска «чоң атаң аты Ногой деп, каратып турду Кашкарды, Карашаарга жеткенче хан атаң Ногой башкарды» деп, ата-теги туурасында кабар берет. Эпосто аты айтылган Ногой адам ысымыбы же уруунун аталышыбы?

Илимпоздор, ал түгүл жакында «Азаттыктан» маек курган радионун мурдагы кызматчысы Майра Жакып келини да ногойлордун тили кыргыздардын тилине айрыкча жакын экендигин белгиледи. Асыресе, кыргыздар менен ногойлордун туугандык байланышы - алардын тилдик жакындыгы жана уруу аталыштарынын окшоштугу эле эмес. Теңдешсиз «Манас» эпосунда да «айкөл Манастын бабаларынын ысымы Ногой болгон» деп айтылат. «Талаа энциклопедиясында» бу жагдай мындайча сүрөттөлөт:

««Оо, балам, уругуң кыргыз-түрк» деп,
«Өкүмөт кылган бабабыз
Кытайдын журтун сүрүп» деп,
«Айрылганбыз эл-журттан,
Чоң атаң аты Ногой» деп,
«Каратып турду Кашкарды,
Карашаарга жеткенче
Хан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сарыколду,
Ага самаган душман сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Даң-дуң тоонун оюна
Далай журтун которду»».

Эпосто айтылган Манастын чоң атасы Ногойдун биз сөз кылчу Ногой этносу менен байланышы барбы же кокустан кездеше берчү окшоштукпу? Эгер адам ысымы менен бир элдин аталышынын ортосунда эч кандай алака болбосо, анда Түндүк Кавказда жашап аткан ногойлордун ичиндеги «сейтек» деген уруунун атын кантип түшүнсөк болот?

Анда эмесе кеп оролун ногойлордун этногенез маселесинен баштасак. «Ногой» этнониминин жаралышы жана бул элдин тарых айдыңына чыгыш башаты туурасында тарыхый фактылар да, илимий изилдөөлөр да жетишсиз. Айтылуу башкыр этнографы Р.Г.Гузеевдин пикирине ылайык, «XIII к. Ногой ордосунун түпкүлүктүү калкын Жучи уруусунун өкүлү болгон алтынордолук түмөн башы Ногойдун аскерине кирген уруулук курган». Ногой урууларынын курамына караганда, калктын азыркы калыптанган абалы бир канча кылымдар арасында өтүп, анын географиясы Түштүк Сибирден Кара деңиз боюна чейинки аймакты кучагына алат.

Ногойлор урукту «несил» деп, бир канча кандаш тууган несилдер «ырувга» биригишкен. Бу терминдер кыргыз тилинде да колдонулуп, «насил» аталышы тек менен байланышса, ал эми «ырув» болсо «уруу» деп айтылат.

Ногой калкынын уруучулук курамы кыргыз элинин уруу аталыштарына айрыкча жакын келет. Асыресе, борбордук түрк тилдүү калктарга орток уруу эсептелген кыпчак, коңурат, катаган, аргын, жалаяр, канглы, наймандар ногойлордун арасында да кездешет. Мындан тышкары, ногойлордун ичинде «кыргыз» жана «сейтек» уруулары жолугат. Арийне, «кыргыз» уруусу казак, каракалпак, башкыр сыяктуу калктардын арасында бар экендигин эске алсак, анда ногойлордун ичиндеги «сейтек» уруусун кантип түшүнсөк болот? Этнография илиминде белгилүү болгондой, урук аталыштары башында бир адамдын ысымына ылайык жаралып, кийин ал жалпы урууга тарайт. Ал эми эпосто Манастын бабасы Ногой болсо, Манастын баласы Семетейдин уулу Сейтек экендиги атпай журтка маалым. Балким эпостогу каарман менен ногой калкынын ичиндеги «сейтек» уруу аталыштары кокустук болушу да мүмкүн. Анткен менен ногойлор менен кыргыздардын арасындагы найман уруктарынын ортосундагы окшоштуктар, тилдик жакындыктар эки элдин ортосундагы этногенетикалык жалпылыктарды билгизет.

Ногойлордун «Токтамыш хан жөнүндөгү уламыш» же «Эдигей» аталган баатырдык дастанында кыргыз тилине окшош сөздөр арбын кездешет. Мисалы: жүрөк, жол, кеңеш, дусман, мурын, мен, бол, кел сыяктуу сөздөр тилмечти да талап кылбайт жана адамдардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө арбын колдонулат. «Эдигей» дастанындагы коомдук-саясий, жоокерчилик терминдер жана чарбага байланыштуу сөздөр кыргыздар менен ногойлордун ортосунда туугандык алака болгонун айгинелейт. Алсак, ордо, кан, вазир, бий, йалшы, кара киси аталыштарында айрым тыбыштык өзгөчөлүктөр болбосо, кыргыз тилинде колдонулган терминдерге окшош. Кыргыздардын коомдук мамилелерди көрсөткөн терминологиясында жалданып иштеген адам «жалчы», ал эми кедей болсо «кара таман» деп айтылат эмеспи. Асыресе, мында көңүл бурчу нерсе – «бий» термини. Бий титулу кыргыздардын мамлекеттик башкаруу титулатурасында орто кылымдардан тартып колдонулуп, ногойлордон башка бир дагы түрк тилдүү калктардын сөзүндө кездешпейт.

«Эдигей» дастанында каршыга, кыргый, ылашын, сункар, ак табыт сыяктуу канаттуу куштурдын аталыштары, үзөнгү, жылкы, саадак, тулга деген көчмөнчүлүк менен жоокерчиликке байланыштуу терминдер эки элдин ортосундагы туугандык мамилени айгинелейт.
XS
SM
MD
LG