Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

ОРУН АЛМАШКАН ЖЕТЕКЧИЛЕР, ЖККУ МЕНЕН НАТОНУН ЖАҢЫ МАМИЛЕСИ, КЫШКА ДАЯРДЫК, ЖОГОРКУ СОТТУН ЧЕЧИМИ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада бир катар жетекчи кадрлар алмашты. Ташкенде кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү соңуна чыкты. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Бишкекте чогулуп жыйын өткөрүштү. Жогорку Сот бир катар уюмдарды экстремисттик жана террористтик деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алды.

Бул аптада бир катар кадрлык өзгөрүүлөр болду. Атап айтканда, Мамат Айбалаев Баткен облусунун губернаторлугунан башка кызматка кеткендигине байланыштуу деген негиз менен бошотулду. Анын ордуна губернатордун милдетин аткаруучу катары мурда Финансы министрлигинин Кирешелер комитетин жетектеп келген Аскарбек Шадиев дайындалды. Баткен облустук кеңеши анын талапкерлигин бир ооздон колдоп берди. Мындан тышкары, Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында буга чейин экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри болуп иштеген Сатыбалды Чырмашев Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Анын ордуна министр болуп ким дайындалаары белгисиз. Оштун мурдагы мэри Жантөрө Сатыбалдиев жакында президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган.

Ал арада Ташкенде кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү соңуна чыгып, анын жүрүшүндө тараптар 11 чакырым келген чегара сызыгын аныктоо боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөр талаш-тартышы арбын Фергана өрөөнүндөгү чегара сызыктарын аныктоо боюнча жүрүп жатат.

Бензиндин кымбатташы дале болсо өкмөт менен ишкерлердин башын ооруткан көйгөйлүү маселе бойдон турат. Мунун айынан дээрлик бүт өлкө боюнча жол кире кымбаттап, кээ бир жерлерде айдоочулар ишке чыкпай койгон күндөр болду. Айрым облустарда күздүк айдоо иштери үзгүлтүккө учурады. Финансы министрлигинин өкүлдөрү бир-эки күн аралыгында Бишкекке Орусиянын Омск жана Казакстандын Чымкент шаарларынан 4000 тонна бензин келээрин кабарлашты. Алардын айтымында, айдын аягына чейин 15000 тонна алынып келиниши күтүлөт. Ушундан улам бензиндин баасы азыркыдан 4-5 сомго арзандап, кырдаал жөнгө салынат деген божомол бар. Расмий маалыматтарга караганда, акыркы күндөрү бензиндин кескин кымбаттап кетиши Чымкент мунай иштетүү заводу ишин убактылуу токтоткондугуна байланыштуу болгон.

Ушундай шартта өлкөнүн кышка даярдыгы да ойдогудай эмес. Быйылкы кыштан чыгыш үчүн Бишкек ТЭЦине зарыл болгон 591 миң тонна көмүрдүн азыр 56% гана топтолду. Өкмөттүн маалыматына караганда, бюджеттик бир дагы мекеме кышка даяр эмес. Газ боюнча Кыргызстандын Өзбекстанга карызы 12 млн. долларга чамалап калгандыктан, кыш айларында элди газ менен камсыз кылуу маселеси курчушу мүмкүн.

Бул аптада Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Бишкекте чогулушту. Орусиянын, Казакстандын, Армениянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери, бул уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа жана Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун бюджетин жана анын НАТО менен мамилесин талкуулашты. Уюмдун баш катчысы Н. Бордюжанын айтымында, Ооганстандагы кырдаал дагы эле тынчсыздандырууда, ал эми ЖККУ НАТО менен теңтайлашпастан, тескерисинче, кызматташат. Биринчи иретте бул эл аралык терроризмге каршы күрөшкө байланыштуу.

- Биз НАТО менен атаандашууну эмес, кызматташууну көздөйбүз. Биз НАТОну шериктеш катары карайбыз,- деди Николай Бордюжа.

Өлкөнүн ичинде болсо саясий экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы күрөш ар кандай формага ээ болууда. Жогорку Сот бир катар уюмдарды экстремисттик жана террористтик уюм катары таануу тууралуу токтом кабыл алды. Быйыл апрелде Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна «Хизб-ут-Тахрир» партиясын экстремисттик, ал эми «Шарк Азат Түркстан», «Шарки Түркстан ислам» жана «Түркстан ислам» партияларын террорчул партия деп таанууну сунуш кылган. Райондук сот бул сунушту канааттандырган чечим чыгарган. Кийин Жогорку Сот райондук соттун ошол чечимин күчүндө калтырган токтом кабыл алган. Жогорку Соттун мындай чечиминен көп өтпөй эле Жалалабадда, Ошто жана Караколдо экстремисттик маанайдагы баракчалар пайда болду. Алардын айрымдары халифат курууга чакырып, мусулмандарды жихадга үндөсө, башкалары АКШнын Ирактагы саясатын сынга алып, дагы бирөөлөрү Кыргызстандын жетекчилигинен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен кызматташтыктан баш тартууну талап кылган. Баракча чаптагандардын ким экени азырынча так белгисиз.

Мыйзам чыгаруу жыйыны мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоорлорун талкуулап бүттү. Талкуунун соңунда депутаттар президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун негиз кылып, депутаттардын сунушун эске алуу менен 15-декабрга чейин бир мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тууралуу токтом кабыл алышты. Палатанын кароосуна Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов жана президенттик администрация тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлору коюлган. Талкуу үч күнгө созулду. Талкуунун жүрүшүндө депутат Бектур Асанов өз мыйзам долбоорун алып салды. «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» азыркы мыйзам 1989-жылы кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG