Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

ШАРАПАТ ТУРДАКУНОВАНЫН АДАБИЙ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ


Шарапат Турдакунова - кыргыз маданиятынын көп тармагында эмгек өтөп келаткан инсан. Кыргыз телерадиосундагы дикторлук, актерлук, журналисттик чыгармачылыгы менен удаа жазуучулук менен да шугулданып, көркөм адабияттын проза, драма, сатира жанрларында чыгармаларды жаратып келет.

Шарапат айымдын Совет жылдарында «Алтын дарбаза», «Толкундар» аттуу көркөм китептери жарык көргөн эле. Ал эми быйылкы жыл жазуучунун чыгармачылыгындагы жемиштүү жыл болуп, катарынан 4 китеби басылып чыкты. Алар - «Ак куулар сени сагынат», «Үмүтүмдүн каркырасы», Виктор Запольскийдин котормосундагы «Кечир мени, бейтааныш кыз» («Прости меня, незнакомка») аттуу повесть жана аңгемелер жыйнактары жана «Чалмакей» деген сатиралык китеби.

Шарапат айымдын чыгармалары негизинен бүгүнкү күндүн турмушунан алынып, канча бир тагдырларды көз алдыга тартат. Заман менен өзгөрүп аткан жаңы муундун багыты, көз карашы, адеп-ахлагы чиелүү ойлорду жаратат. Окуп отуруп, чыгармадагы кейипкерлердин кубанчына кубанып, кайгысына кайышасың, же табышмактуу тагдырлардын андан аркы өмүр кечиримин ойлонуп сабыркайсың… Шарапат айым чыгармаларында адамдардын ички табышмактуу күлк-мүнөздөрүн, асыл же мыкыр ниеттерин алардын анчейин бир кылык-жоруктарынан, жөнөкөй эле мамилелеринен окурманга жетиштүү андатып отурат. Чыгармаларда болуп жаткан окуялардын жандуулугу, сүрөттүүлүгү чыгармадагы кейипкерлердин сырткы да, ички да дүйнөсүн таасын тартат.

«Ак куулар сени сагынат», «Үмүтүмдүн каркырасы», «Бактыбек», «Терезе» аттуу аңгеме-повесттериндеги баш каармандар Айымдын, Гүлгаакынын, Бактыбектин, Белектин таза жан-дүйнөлөрүн ооруткан, тагдырларын чиеленткен - жанындагы эле жакындары. Баягы эле адамдардын абалтан келаткан карөзгөйлүгү, сокур өзүмчүлдүгү… Шарапат айым өзү да «Үмүтүмдүн каркырасы» повестинде «табият - адамдар жөнүндөгү бүтпөс жомок, чечилбеген түйүн. Ар бир жан ошол түйүндү чечем, түшүнөм деп жандалбастай берип, өмүрдүн өтүп кеткенин да сезбейт эмеспи» дейт.

- Абалтан көркөм чыгарма адамзатка кызмат кылып келет. Бул көркөм чыгармалар аркылуу абалкы адамдардын жашоо-турмушунан, көз караштарынан кабар алабыз. Андыктан бүгүнкү жазуучулардан да ошондой милдет талап этилет. Биз ХХI кылымга кирдик. Бүгүн адамдын психологиясы, дүйнөтаанымы өзгөрдү. Жаштардын ээнбаштыгы ашынган заман келди. Бүгүнкү күнү ушул маселелер кыргыз жазуучуларынын чыгармаларында чагылдырылышы абзел, - деп эсептейт Шарапат Турдакунова.

Ооба, чыгарма - элден алынып, элге тартууланчу көркөм мүлк. Тамашалуу чакан аңгемелерден турган «Чалмакей» китеби да адамдардын тескери жүрүм-турумдарын, күлк-мүнөздөрүн, ой жүгүртүүлөрүн чымчый сынга алып, мыйыгынан жылмайтат. Жазуучу чыгармаларында айрыкча балдардын баё дүйнөсүнө кайрылып, бала-дүйнөнүн чоңдор менен болгон кагылышуусунун себептерин алардын кир көтөрө албастыгынан көрүп, ал баё дүйнөнү балдардын көзү менен кароого чакырат. Жазуучу айым Шарапат Турдакунованын жаңы китептери - окурмандардын купулуна толчу, жаш-карыга адеми болчу көркөм чыгармалар.
XS
SM
MD
LG