Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

Таласта бүгүндөн тартып жол кире кымбаттады


ТАЛАС. Бензиндин баасынын өсүшүнө байланыштуу жол киренин кымбатташы Таласта да башталды. Шаар ичиндеги автобустарда 2 сомдун ордуна 3 сом, маршруттук таксилерде 3 сомдун ордуна 5 сом алына баштады. Талас-Бишкек каттамы боюнча автобустун жол акысы 149 сомдон 160 сомго жетти. Айылдарга каттаган автобустарда да жол кире кымбаттады. Бул «Биримдик» акционердик коому жогорулаткан баалар. Ал эми жеке менчик транспорт ээлери менен транспорт уюмдары, өздөрү каалаган бааларды коюп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG