Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Грузиядагы кырдаал боюнча Кыргызстанда ар кандай пикирлер айтылууда


БИШКЕК. Бүгүн «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов Грузияда президент Эдуард Шеварнадзенин кызматтан кеткенине байланыштуу бул партия грузин оппозициясынын өкүлдөрүнө эртең куттуктоо жиберээрин маалымдады. Грузиядагы азыркы саясий кырдаалга карата Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө да ар кандай пикирлер айтылууда. Айрым адамдар «Грузиядагы кырдаал Кыргызстанда да орун алышы мүмкүн» деген көз карашта. Кээ бирөөлөрү «Кыргызстан менен Грузияны, Эдуард Шеварнадзе менен президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатын салыштыруу негизсиз, мындай саясий абал Кыргызстанда орун алышы мүмкүн эмес» деген пикирлерин айтышууда. Кыргыз парламентинин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Грузиядагы азыркы кырдаалга байланыштуу: «Грузиянын тышкы жана ички саясаты менен Кыргызстандын тышкы, ички саясатын салыштыруу мүмкүн эмес. Кыргызстандын оппозициясы Грузиянын оппозициялык күчтөрүндөй чоң колдоого ээ эмес. Менимче, Кыргызстанда мындай кырдаал түзүлбөйт», - деп эсептейт. Ал эми Феликс Кулов башында турган оппозициялык көз караштагы «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев: «Эгерде Кыргызстанда бийлик жана эл аралык уюмдар азыркы абалга көңүл бурбаса, анда Кыргызстанда Грузиядагы кризистен да жаман абал түзүлүшү мүмкүн» деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG